Марипов IT бизнесинин өкүлдөрү менен жолугуп, бир нече убада берди

© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевВстреча премьер-министра Улукбека Марипова с предпринимателями, работающими в IT-сфере
Встреча премьер-министра Улукбека Марипова с предпринимателями, работающими в IT-сфере - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.02.2021
Жазылуу
Өкмөт башчы мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекет тараптын кемчилиги экенин моюндады.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту.
Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевӨкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
1/2
Премьер-министр Улукбек Марипов IT тармакта иштеген ишкерлер менен жолугушту.
2/2
Өкмөт башчы өлкө экономикасынын өнүгүүсү үчүн IT тармагы маанилүү экенине токтолду.
"Бүгүнкү жолугушуу – бул өлкөдөгү ишкерликти, инвестицияны жана экспортту өнүктүрүү, ошондой эле ата мекендик бизнеске колдоо көрсөтүү маселелери талкууланган мурдагы жолугушуулардын уландысы катары саналат. Иштин 70 пайызы программалык камсыздоону иштеп чыгуу менен байланыштуу экендигин угуу кубанычтуу. Бизде программисттердин армиясы өсүп келе жатат, алардын көпчүлүк бөлүгү чет өлкөдө иштешет", — деди Марипов.
Ошондой эле ал мыкты кадрлардын өлкөдөн чыгып кетип жаткандыгы мамлекеттин кемчилиги экенин моюндады.
Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.02.2021
Башкы прокуратура ишкерлер үчүн күнү-түнү жооп берген ишеним номерлерин жарыялады
"IT тармакка тийиштүү көңүл бурулбай жаткандыгын моюнга алуу керек, бирок биз бул маселе боюнча абалды жана ага карата мамилени өзгөртүүгө ниеттенип жатабыз. Тактап айтканда, санариптештирүү менен алектенген мамлекеттик органдын макамын жогорулатуу пландаштырылууда. Жогорку кесипкөй кадрларды ишке тартуу менен бардык министрлик жана ведомстволордо IT жааты боюнча орун басар кызматын киргизүүнү болжоодобуз", — деди өкмөт башчы.
Ал жакын арада президенттин төрагалыгы астында чоң форум өткөрүлүп, санариптештирүү жана жаңы стратегияларды иштеп чыгуу маселеси талкууланарын белгиледи.
Өз кезегинде IT бизнестин өкүлдөрү дуушар болуп жаткан кыйынчылыктар тууралуу айтып беришти. Атап айтканда, мыйзам базасында көптөгөн чектөөлөр бар, бул себептен бир катар инвестициялык идеялар ишке ашпай калууда.
"Биз мамлекетке жардам берүүгө даярбыз, ошол эле учурда биз мамлекеттин колдоосун да сезгибиз келет. Тилекке каршы, мамлекеттик органдардагы кадрдык алмашууларга байланыштуу институционалдык эс тутум жок. Бул санариптештирүүнү өнүктүрүүгө жагымсыз таасирин тийгизүүдө. Бизнес өкүлдөрү бир эле план жана милдеттерди жаңы дайындалган жетекчилерге бир нече ирет кайталап айтып берүүгө аргасыз болууда. Мындан тышкары, ишкерлерге жана инвесторлорго басым жасоолорду четтетүү керек", — деп айтышкан IT бизнестин өкүлдөрү.
Жыйынтыгында өкмөт башчы биринчи кезекте санариптештирүүнүн мыйзамдык жаатындагы маселелерди чечүүгө  убадасын берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0