Асманда учуп бараткан Boeing кырсыктап, сыныктары үйлөрдүн үстүнө түшкөн. Видео
23:48 21.02.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
© Sputnik / Максим Блинов
/ Жазылуу
Жүргүнчү ташуучу учак асманда жарым сааттай болгон. Пилоттор лайнерди учкан аэропортуна кайрадан кондурушкан.
БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. АКШда асманга көтөрүлүп жаткан жүргүнчү ташуучу лайнердин кыймылдаткычы асмандан эле жалындап күйө баштаган учурдун видеосу тарады. Окуянын чоо-жайын CNN кабарлады.
BREAKING
— Chris Vanderveen (@chrisvanderveen) February 20, 2021
This is the moment United flight 328 landed in DIA
Passengers cheer.
You can see damage to right engine.
Video: Troy Lewis #9news pic.twitter.com/wyYqlEEJgZ
Boeing 777 Гавайи штатында Денвер - Гонолулу багыты боюнча каттамды тейлеген. Пилоттор болжогон жерине жетпей, кырсыктаган аба кемесин кайрадан сапарга чыккан аэропортко кондурган.
DE VERGUITA! Pero el susto fue tremendo 😱. El vuelo 328 UA c/ destino a Honolulu regresó al aeropuerto de Denver. después de explosión en motor. Los residentes de la zona compartieron las fotos del metal que lucen como parte de la turbina de un Boeing 777 en sus patios. pic.twitter.com/ZbrIeFmA3f
— Wolfang O (@pimentonverde) February 20, 2021
Окуянын сүрөттөрү жана видеолору Twitter тармагына жарыяланды.
— Игорь (@isterikakaratek) February 21, 2021
Лайнер асманда жарым сааттай учкан. Бул мезгилде анын кыймылдаткычы күйүп, анын жалындаган сыныктары Денвердин тургундарынын короосуна түшкөн. Мындай көрүнүштөн кийин эл окуяны полицияга кабарлаган. Андан эч ким жабыркаган эмес.