00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедненвные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
45 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:00
5 мин
Киноблог
Как кыргызские комедии разрушают стереотипы?
18:14
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Уролог эркектин бел кубатын бекемдөөчү беш эрежени санап берди

© AFP / LUDOVIC MARINЧуркап бараткан адам. Архив
Чуркап бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.02.2021
Жазылуу
Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Тестостерону жетиштүү эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Анын тартыштыгы ден соолукка бир топ залакасын тийгизет.
БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Беларустук уролог, андролог Руслан Дорошевич жергиликтүү Health.tut.by агенттигине маек берип жатып эркектин бел кубатын бекемдеп турчу тестостерон гормонун нормада кармап туруу жолдорун санап берди.

Спорт менен алектенүү, бирок чеги менен

Кыймыл гормондун жетиштүү көлөмдө кармалышына жардам берет. Бирок организмди ого эле кыйнап, булчуңдар алсыз болуп калганга чейин жеткирбеш керек. Катуу чарчаган организм стресске кабылат. Бул керектүү гормондорду азайтат.

Тынч уйку

Күнүнө 6-8 саат уктаган эркекте тестостеронду нормасында кармоо мүмкүнчүлүгү көбөйөт. Уйкусу канбаган эркек төшөктө да алсызыраак болот. Муну адистер гормондун деңгээлинин түшүп кеткени менен байланыштырышат.

Стрессти азайтуу

Стресс болгон организмде кортизол гормону көтөрүлүп, тестостеронду азайтат.

Салмак

Май организмге аялдарга тиешелүү эстроген гормонун бөлүп чыгарат. Ошол себептүү ашыкча салмагы бар балдардын жыныстык жетилүүсү теңтуштарына салыштырмалуу кечирээк болот.

Туура тамактануу

Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.11.2020
COVID-19га кабылган эркекте кийин төшөк маселесинде көйгөй жаралышы мүмкүн

Эркектер цинк, магний, белок жана майы көбүрөөк тамактарды жегени жакшы. Бул заттарды ашкабак семичкеси, балык, күнжүт, анар, жаңгак, какао сыяктуу азыктардан тапса болот. Ошондой эле D витамини пайдалуу.

Тестостерон гормонунун эркектин жашоосунда мааниси чоң. Тестостерону жетиштүү эркектин энергиясы ашып-ташып, кандай иш баштабасын майын чыгара жасайт. Мисалы, бизнесте, спортто, үй-бүлөлүк турмушта… Тестостерондун жардамы менен эркекке сакал-мурут өсөт, булчуң эт толот, кандын курамы жакшырат. Эң негизгиси — эркектин бел суусунун иштелип чыгышына, тагыраагы, тукум улоосуна шарт түзүлөт.
Гормондун тартыштыгы ден соолукка бир топ залакасын тийгизет. Мисалы, сөөктөр морт болуп, акырындык менен бой кыскара баштайт. Ошондой эле кан айлануу начарлап, мунун айынан чач түшөт, атеросклероз пайда болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0