00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
5 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
54 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ысык-Көлдү жана Кыргызстандын көлдөрүн мыйзамсыз балык торлорунан жана желим таштандылардан арылтуу
09:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Рост товарооборота и новые инвестиционные проекты — беседа с торговым представителем РФ в КР
10:04
24 мин
Тема дня
Как дефицит воды меняет сельское хозяйство Кыргызстана
10:31
22 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кафе-ресторандарда тейлөө акысын алууга тыюу салуу күчүнө кирди — иш кандай жүрүп жатат?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Замена водительских прав - что важно знать сейчас
12:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Окуучу менен мугалимдин мамилеси. Көйгөй эмнеден жаралууда? Эксперт менен маек
13:05
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Чингисхан был кыргызом? Что говорит история и наука - беседа с академиком
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Параплавание: спорт, который учит верить в себя
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Итоги ОРТ 2025 года и как с годами меняется тест
18:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Кошок жанры алтайлыктарда “сыгыт ырлары” деп аталат
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Манты за 700 сомов». Отмена % за обслуживание в кафе спровоцировала чрезмерный рост цен
20:06
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Россиянын жана башка уюмдардын жардамы менен уран калдыктары коопсуздандырылууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы. Сейдакматовага жазылган некролог

© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова
Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Жазылуу
Жамал Сейдакматованын кайталангыс талантына чет элдик режиссерлор да жогору баасын берип, ал "Мосфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" киностудиялары тарткан бир нече фильмде роль жараткан.
БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. Жамал Сейдакматова улуттук кино өнөрүн өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик театр ачып, бул жаатта бурулуш жасап жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди койгон.
Бул саптар Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматованын каза болгондугуна байланышуу берилген некрологдо жазылган.
Кыргыз эли орду толгус оор жоготууга учурады. 2021-жылдын 16-февралында кыргыз театр жана кино искусствосунун залкар таланты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова 82 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
КРдин эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Жамал Сейдакматова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Аялдан дос күткөн жокмун... Жамал Сейдакматованын турмуштук ойлорунан
Жамал Сейдакматова 1939-жылдын 21-сентябрында Ысык-Көл районунун Темир айылында туулган.
1957-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына кабыл алынган. Ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин актриса катары талыкпай эмгек кылуунун үлгүсүн көрсөтүп келди. Кыргыз сахнасында Катаринанын, Дездемонанын, Найман эненин, Кишимжандын жана башка каармандардын мыкты образдарын жараткан.
1958-жылы биринчи ирет "Алыскы тоолордо" көркөм фильмине тартылган. Андан соң "Ташка баткан элестер" көркөм тасмасында Жамалдын, "Өрүкзардагы баян" фильминде Зууранын, "Ак илбирстин тукумунда" Бегайымдын, "Курманжан даткада" Курманжан датканын жана башка кинокартиналарда ролдорду өтө жогорку деӊгээлде аткарган. Актрисанын кайталангыс талантына чет элдик режиссерлор да жогору баасын берип, ал "Мосфильм", "Өзбекфильм", "Казакфильм" киностудиялары тарткан фильмдерде роль жараткан.
Сейдакматова: карылыктын өзүнүн жакшы жактары бар экен. Видео маек - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.02.2021
Оорудан корком, балам. Жамал Сейдакматованын толгонгон соңку видео маеги
"Кыргыз керемети" деп аталган мезгилде экрандаштырылган кыргыз фильмдеринде ролдорду зор чеберчилик менен аткарып, кыргыз кино жаатын өнүктүрүүгө чоң салым кошкон. 1989-жылы Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жеке менчик "Тунгуч" театрын ачкан. Театр өнөрүндө бурулуш жасап, жаңы ыкмалар менен дүйнөлүк деңгээлдеги мыкты спектаклдерди коюп, Колумбия, Улуу Британия, Германия, Иран, Египет, Кытай, Түркия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттериндеги эл аралык фестивалдарга катышып, баш байгелерди багындырган.
2016-жылы Лондон шаарындагы эл аралык театр фестивалында Сейдакматовага "Дүйнөлүк театр искусствосунун улуу актрисасы" номинациясы берилген.
Залкар актрисанын эмгеги жогору бааланып, 1976-жылы Кыргыз ССРинин эл артисти ардак наамына татыктуу болгон.
Белгилүү акын жана жазуучу Шабданбек Кулуев. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2020
Кыргыздын көрүнүктүү инсаны. Шабданбек Кулуевге жазылган некролог
1986-жылы Ж. Садыковдун "Манастын уулу Семетей" драмасында Каныкейдин образын эң мыкты жараткандыгы үчүн Токтогул атындагы сыйлык ыйгарылган. 2003-жылы III даражадагы "Манас" ордени, 2019-жылы II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун Алтын медалын алган.
Сахна жана кино жылдызы Жамал Сейдакматованын жаркын элеси түбөлүккө эсибизде сакталат. Анын үй-бүлөсүнө жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз.
Sputnik улуу актрисанын тасмада калган элестерин сунуштайт.
Жаңылыктар түрмөгү
0