19 тил, илимге байланган өмүр. Кусеин Карасаевдин сүрөттө калган элеси

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылы белгилүү окумуштуу, түрколог Кусеин Карасаевдин 120 жылдыгы республикалык деңгээлде белгиленип жатат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар илимпоздун жеке жашоосу менен эмгек жолундагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.

Кусеин Карасаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кара-Секи (азыркы Токтоян) айылында 1901-жылы 5-январда жарык дүйнөгө келген. Он жашында молдодон сабак алып, 13кө чыкканда Караколдогу тузем мектебине кирген. 1916-жылы Кытайга туугандары менен качып, ал жактан өспүрүм уйгур, татар тилин үйрөнүп, кичине кытайча сүйлөй баштаган.

Кыргызстанга 20 жашында келгенде айыл кеңеште катчы, революциялык комитеттин башчысы болуп иштеп, 1923-жылы Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна тапшырып "Эркин-Тоо" гезитинин алгачкы басылмаларынын чыгышына жигердүү аралашкан. Андан соң 1926-жылы Касым Тыныстанов, Ишенаалы Арабаев, Базаркул Данияров жана Осмонкул Алиев менен Баку шаарында уюштурулган түркологдордун биринчи съездине барып, билимге суусаган студент Ленинград шаарындагы Чыгыш институтуна өтүп кеткен. Бөтөн жерде бурят, монгол, араб, фарси, немис тилдерин өздөштүрүп, замандаштары менен кыргыздар үчүн окуу китептерин басып чыгаруу ишине бел байлап, бир катар эмгектерди окурмандарга сунуштаган.

Быйыл түрколог, тилчи Кусеин Карасаев жубайы Айша Карасаева менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.01.2021
Караңгы элге каапыр да молдо боло алат. Тилчи Кусеин Карасаевдин кеп казынасы
Карасаев эмгек жолунда улуттук фольклорго кайрылып, "Манас" эпосун жаздырып алуу иштерине түзмө-түз катышып, ар кыл мүнөздөгү сөздүктөрдү түзүүгө өмүрүн арнаган. Түрколог 30 томдон ашык илимий эмгектердин, 20 басма табактай макала жазган. Ал 60 миң сөздү өзүнө камтыган "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Орусча-кыргызча", "Кыргызча-орусча" сөздүгү, "Накыл сөздөр", "Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү", "Камус наама" аттуу китептердин автору. Эл арасында ал эмгектер "Карасай сөздүк" деп аталып калган.

Андан сырткары, Максим Горькийдин "В людях", "Жизнь ненужного человека", Александр Радищевдин "Петербургдан Москвага саякат", Джонни Родаринин "Чипполино", Леон Кручковскийдин, Рабиндранат Тагордун чыгармаларын, кытай эл жомокторун которгон. Эң кызыгы, ал 16 түрк тилинде жана араб, фарси, немисче эркин сүйлөгөн.

Жеке жашоосунда Айша Карасаева (Түмөнбаева) менен бирге узак убакыт түтүн булатып, экөө үч кызды тарбиялап чоңойткон. Залкар инсан көзү көрбөй, кулагы жакшы укпай калганга чейин илим менен алектенип 97 жашында көз жумган. Учурда анын ысымын Бишкектеги бир көчө жана жогорку окуу жай алып жүрөт.

Атактуу түрколог, тилчи, илимпоз жөнүндө кызыктуу фактылардын Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окусаңыз болот.

 

© Sputnik / Александр ФедоровКусеин Карасаев 22 жашында Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна өтүп, ал жакта жүргөндө "Эркин-Тоо" гезитинин алгачкы басылмаларын чыгаруу тобунда макалалардын орфографиясын караган
Кусеин Карасаев 22 жашында Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна өтүп, ал жакта жүргөндө Эркин-Тоо гезитинин алгачкы басылмаларын чыгаруу тобунда макалалардын орфографиясын караган - Sputnik Кыргызстан
1/12
Кусеин Карасаев 22 жашында Ташкенттеги казак-кыргыз агартуу институтуна өтүп, ал жакта жүргөндө "Эркин-Тоо" гезитинин алгачкы басылмаларын чыгаруу тобунда макалалардын орфографиясын караган
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. КарасаеваЖаш илимпоз Карасаев келинчеги Айша, кыздары Людмила, Галина, Алтынай менен
Жаш илимпоз Карасаев келинчеги Айша, кыздары Людмила, Галина, Алтынай менен - Sputnik Кыргызстан
2/12
Жаш илимпоз Карасаев келинчеги Айша, кыздары Людмила, Галина, Алтынай менен
© Фото / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина КарасаеваБилимге умтулган, чет тилдерди өздөштүргөн Кусеин Карасаевдин лекциялык китепчеси
Билимге умтулган, чет тилдерди өздөштүргөн Кусеин Карасаевдин лекциялык китепчеси - Sputnik Кыргызстан
3/12
Билимге умтулган, чет тилдерди өздөштүргөн Кусеин Карасаевдин лекциялык китепчеси
© Фото / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина КарасаеваКарасаев 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, адабият жыйноо боюнча иш алып барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевди борбор калаага алып келген
Карасаев 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, адабият жыйноо боюнча иш алып барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевди борбор калаага алып келген - Sputnik Кыргызстан
4/12
Карасаев 1931-жылы окуусун бүтүп келип Фрунзедеги Тил жана адабият институтуна кирип, адабият жыйноо боюнча иш алып барып, залкар манасчы Саякбай Каралаевди борбор калаага алып келген
© Фото / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина КарасаеваЖаш түгөйлөрдүн сүрөтү 1930-жылы тартылган. Ал кезде экөө тең Москвада илим менен кетип, билим алып жүрүшкөн
Жаш түгөйлөрдүн сүрөтү 1930-жылы тартылган. Ал кезде экөө тең Москвада илим менен кетип, билим алып жүрүшкөн - Sputnik Кыргызстан
5/12
Жаш түгөйлөрдүн сүрөтү 1930-жылы тартылган. Ал кезде экөө тең Москвада илим менен кетип, билим алып жүрүшкөн
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаев небереси менен иш бөлмөсүндө
Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаев небереси менен иш бөлмөсүндө - Sputnik Кыргызстан
6/12
Кыргыз стенографиясынын негиздөөчүсү Айша Карасаева (Түмөнбаева), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер Кусеин Карасаев небереси менен иш бөлмөсүндө
© Фото / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина КарасаеваАтактуу тилчи Карасаев менен белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен
Атактуу тилчи Карасаев менен белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен - Sputnik Кыргызстан
7/12
Атактуу тилчи Карасаев менен белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков байбичелери менен
© Sputnik / Александр ФедоровЗамандаштары менен көчөдө баарлашкан түрколог
Замандаштары менен көчөдө баарлашкан түрколог - Sputnik Кыргызстан
8/12
Замандаштары менен көчөдө баарлашкан түрколог
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. КарасаеваБайын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата
Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата - Sputnik Кыргызстан
9/12
Байын кучактаган Айша апа, байбичесине гүл сунган Кусеин ата
© Sputnik / Александр ФедоровКинорежиссер Каридин Акматалиев түрколог жөнүндө тасма тартуу маалында
Кинорежиссер Каридин Акматалиев түрколог жөнүндө тасма тартуу маалында - Sputnik Кыргызстан
10/12
Кинорежиссер Каридин Акматалиев түрколог жөнүндө тасма тартуу маалында
© Видео / предоставлено мемориальным музеем имени Кусеина КарасаеваМааракелердин биринде президент Аскар Акаев окумуштуу Карасаев менен биринчи катарда отурат
Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев окумуштуу Карасаев менен биринчи катарда отурат - Sputnik Кыргызстан
11/12
Мааракелердин биринде президент Аскар Акаев окумуштуу Карасаев менен биринчи катарда отурат
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. КарасаеваОкумуштуу байбичеси экөө 68 жыл бирге жашап, үч кызды чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган
Окумуштуу байбичеси экөө 68 жыл бирге жашап, үч кызды чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган - Sputnik Кыргызстан
12/12
Окумуштуу байбичеси экөө 68 жыл бирге жашап, үч кызды чоңойткон. Улуусу Людмила чейрек кылымдан ашык физикадан сабак берип иштесе, Галина химия илимдеринин кандидаты, кичүү кызы Алтынай медицина илимдеринин доктору, эл аралык деңгээлдеги окумуштуу боло алган
Жаңылыктар түрмөгү
0