https://sputnik.kg/20210130/ehmnege-zhash-zhigitter-kuru-nasymka-bat-aldyrat-1051278314.html
Эркектер эмне себептен жаш кезинде мактоону жакшы көрөт. Жаңы иликтөө
Эркектер эмне себептен жаш кезинде мактоону жакшы көрөт. Жаңы иликтөө
Sputnik Кыргызстан
Адистер 195 жана 391 кишиден турган эки топту изилдөөгө алган. Биринчи топто студенттик курактагы жигиттер болсо, экинчисине 56 жашка чейинки улуураак эркектер... 30.01.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-01-30T09:09+0600
2021-01-30T09:09+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
эркек
психология
күч
ишеним
https://sputnik.kg/img/104792/46/1047924635_0:62:1797:1073_1920x0_80_0_0_511548007e8432cee6d57fc96b60b4fb.jpg
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Американын Дюк университетинин окумуштуулары эмне себептен эркектер жаш кезинде куру намыска алдырып, агрессияга жакын болорун изилдеп чыгышты. Анын жыйынтыгын Medical Express басылмасы жазды.Эксперименттердин катышуучуларына курулуш, автоунаа, спорт тууралуу суроолордон турган тесттерди толтуртушкан. Жыйынтыктоого келгенде айрымдарына атайылап баллы өтө эле төмөн болуп калганын, эркектерге тиешелүү жумуштар алардын колунан келбей турганын айтышкан. Ошол учурда жаш балдардын көбү кыжырланып, чычалап, оор кабыл алышкан. Ал эми чоң кишилер тоготпогондой мамиле жасаган.Андыктан адистер жаш жигиттердин намысына тийип, кыжырын келтирбөө үчүн аны кубаттаган сөздөрдү маал-маалы менен айтып туруу туура болорун кошумчалашты.
https://sputnik.kg/20210128/kyrgyzstan-ashykcha-salmak-kojgoj-1051246085.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104792/46/1047924635_36:0:1467:1073_1920x0_80_0_0_6d2222fc9bf3f16be2b8effa14f6243e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, эркек, психология, күч, ишеним
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, эркек, психология, күч, ишеним
Эркектер эмне себептен жаш кезинде мактоону жакшы көрөт. Жаңы иликтөө
09:09 30.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Адистер 195 жана 391 кишиден турган эки топту изилдөөгө алган. Биринчи топто студенттик курактагы жигиттер болсо, экинчисине 56 жашка чейинки улуураак эркектер кирген.
БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Американын Дюк университетинин окумуштуулары эмне себептен эркектер жаш кезинде куру намыска алдырып, агрессияга жакын болорун изилдеп чыгышты. Анын жыйынтыгын
Medical Express басылмасы жазды.
Эксперименттердин катышуучуларына курулуш, автоунаа, спорт тууралуу суроолордон турган тесттерди толтуртушкан. Жыйынтыктоого келгенде айрымдарына атайылап баллы өтө эле төмөн болуп калганын, эркектерге тиешелүү жумуштар алардын колунан келбей турганын айтышкан. Ошол учурда жаш балдардын көбү кыжырланып, чычалап, оор кабыл алышкан. Ал эми чоң кишилер тоготпогондой мамиле жасаган.
"Мунун себеби жөнөкөй. Жаш жигиттер өзүн, эркектик сапаттарын аягына чейин ачып бүтө элек болот. Демек, тегеректегилердин баасынан көз каранды. Бирөө алсызсың деп айтса кыжыры келет. Ал эми жашоону көрүп, өз күчүнө ишенген эркектер башкалардын айткан-дегенин этибарга албайт", — деди иликтөөнүн авторлорунун бири Адам Станаланд.
Андыктан адистер жаш жигиттердин намысына тийип, кыжырын келтирбөө үчүн аны кубаттаган сөздөрдү маал-маалы менен айтып туруу туура болорун кошумчалашты.