Нейрохирург Ырысов: башы ооруп, кускусу келген адам сөзсүз текшерилиши керек
18:00 28.01.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021)
Жазылуу
Нейрохирургия медицинада өтө олуттуу тармак. Аны дарылоо ыкмалары илимий-техникалык жактан өтө тездик менен өсүүдө. Дарыгерлер дүйнө жүзүндө мындай ооруга чалдыккандардын көбөйүп жатканын айтып коңгуроо кагышууда.
Мээ жана жүлүндөгү шишиктердин эмнеден пайда болору белгисиз. Sputnik Кыргызстан агенттиги Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов менен республикадагы нейрохирургиялык оорулар жана аны дарылоо ыкмалары тууралуу маек даярдады.
— Нейрохирургия десе эле түшүнгөнү деле, түшүнбөгөнү деле коркот. Адамдын аргасы түгөнгөндө акыркы үмүт катары сезилет... Нейрохирургия деген эмне өзү?
— Нейрохирургия — хирургиянын бир тармагы. Мында мээнин, жүлүндүн, омуртканын, баш сөөктүн жана перифериялык нервдердин патологияларын хирургиялык жол менен дарылайбыз. Мээге, жүлүнгө операция жасалат. Шишик менен эле чектелбестен жаракат алганда да кийлигишүүгө туура келет. Азыр мээ жарааттары биздин техногендик кылымда өтө көп кездеше баштады. Баш сөөктүн ичиндеги гематомалар, сөөктүн өзүнүн сыныктары жана андан тышкары омуртканын жаракаттары, өзгөчө моюн жана бел бөлүгүнүн сыныктарынан жабыркагандар көбөйүп бара жатат. Ошону менен катар дартты аныктоо шарттарынын жакшыргандыгынанбы, айтор, акыркы учурларда кыргызстандыктардын арасында мээ жана жүлүндө шишиги бар бейтаптар көбөйдү. Шишиктердин көпчүлүгү бактыга жараша залалсыз, бирок 30 пайызга чейинкиси залалдуу шишиктерге кирет.
Айта кетүүчү нерсе, акыркы 20-30 жылда медицинанын бул тармагы илимдин жетишкендиги жана техникалык жабдыктар боюнча да абдан өрчүдү. Ошондой эле бейтаптардын саны да көбөйүп бара жатат.
© Sputnik / Асель СыдыковаНейрохирург Кеңешбек Ырысов: Нейрохирургия — хирургиянын бир тармагы. Мында мээнин, жүлүндүн, омуртканын, баш сөөктүн жана перифериялык нервдердин патологияларын хирургиялык жол менен дарылайбыз. Мээге, жүлүнгө операция жасалат
Нейрохирург Кеңешбек Ырысов: Нейрохирургия — хирургиянын бир тармагы. Мында мээнин, жүлүндүн, омуртканын, баш сөөктүн жана перифериялык нервдердин патологияларын хирургиялык жол менен дарылайбыз. Мээге, жүлүнгө операция жасалат
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Адам бул дартка чалдыкканын кантип байкаса болот? Мээде ушундай шишиктер эмне себептен пайда болорун так билүүгө болобу?
— Бул суроого бир беткей жооп берүү оңой эмес. Көптөгөн гипотезалар бар. Илимпоздор шишиктердин пайда болуу себептерин изилдеп жатышат. Буга экология, радиация, химия өңдүү көптөгөн факторлорду айтышат, бирок булардын эч бири биздин суроого толук кандуу жооп бере албайт. Божомол иретинде гана айтылууда. Ошондой эле организмде шишиктердин пайда болуу белгилеринин бири ошол органдын аткарган функциясынын начарлашы болуп эсептелинет. Мисалга мээни алсак, ал бардык органдардын борбору катары организмди башкаргандыктан адамдардын сүйлөөсү, ойлонуусу, таанып-билүүсү жана эң негизгиси кыймылы начарлай баштайт. Айрым убактарда шишиктер эч кандай белгиси жок эле эпилептикалык эс-учун жоготуу менен башталат. Ошондуктан адамдын башы көп ооруп, кускусу келип кыйналып жүрсө көп создуктурбай невропатолог же нейрохирургдарга кайрылып, компьютердик же магниттик-резонанстык томографиядан текшерилип алышы керек. Менин практикамда эч кандай белгиси жок жүрүп эле башындагы чоң шишиктер кийин табылып операция жасаган учурлар болууда. Алардын көлөмү жана өлчөмү чоң болгондуктан операция да татаал өтөт. Андан кийинки калыбына келүү мезгили да оорураак болот.
— Жакында эле Ош облустар аралык биргелешкен клиникалык ооруканасында мээсинде чоң шишиги бар үч бейтапка жасалган оор операция ийгиликтүү өтүптүр. Ушул операция тууралуу айтып берсеңиз?
— Мен Улуттук госпиталдын нейрохирургия бөлүмүндө түрдүү операцияларды жасайм. Биздин илимий жетекчибиз Миталип Мамытович баштаган нейрохирургдардын мектеби ийгиликтүү иштеп келе жатат. Кесиптештердин көбү ушундай татаал операцияларды жасап үйрөнүшкөн. Биздеги хирургдардын көпчүлүгү алыскы чет өлкөлөрдөн тажрыйба алып келишет. Мен өзүм Германияда докторанттык практикамды өтөп үч жыл жүрдүм, кийин Японияда бир жыл иштеп ушул тармакта көп нерселерди үйрөнүп келдим. Түркияда, Европада окуп, чет мамлекеттен тажрыйба топтоп дасыккан хирургдар арбын. Ош облустук жана шаардык оорукананын нейрохирургия бөлүмүндө да биздин кесиптештер иштейт. Ал жакта оор операциялар болуп калса же бейтаптар Бишкекке келе албай, биздин келип жасап берүүбүзүдү өтүнсө, Улуттук госпиталдын санавиация кызматына кайрылышат. Анан биздеги профессорлордун кимисинин убактысы туура келсе барып операция жасап беребиз. Ушул жылдын 14-15-январь күндөрү мен барып, Ош облустук ооруканасынан үч бейтаптын башынан ири көлөмдөгү шишиктерди алып, операция кылып келдим. Жыйынтыгы биз күткөндөй болуп, бейтаптар убагында ойгонуп, неврологиялык жактан текшерип көрсөк, ойлонуусу, сүйлөөсү өз калыбында болду.
© Sputnik / Асель СыдыковаКеңешбек Ырысов: илимпоздор шишиктердин пайда болуу себептерин изилдеп жатышат. Буга экология, радиация, химия өңдүү көптөгөн факторлорду айтышат, бирок булардын эч бири биздин суроого толук кандуу жооп бере албайт. Божомол иретинде гана айтылууда
Кеңешбек Ырысов: илимпоздор шишиктердин пайда болуу себептерин изилдеп жатышат. Буга экология, радиация, химия өңдүү көптөгөн факторлорду айтышат, бирок булардын эч бири биздин суроого толук кандуу жооп бере албайт. Божомол иретинде гана айтылууда
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Ооруканалардын, операция бөлүмдөрүнүн техникалык жактан жабдылышы кандай?
— Оор бейтаптардын бардыгына операция Улуттук госпиталдын нейрохирургия клиникасында жасалат. Бирок кээ бир учурда Ошко же Жалал-Абадга барып, бейтаптардын жакындарынын суранычы менен операция жасап келебиз. Негизи Бишкекте техникалык жабдыктар жакшы болгондуктан кыйла жеңил өтөт. Азыр Оштогу кесиптештер да акырындан техникалык базаны чыңдашууда, бир аз айырма болгону менен ал жакта да борбордо жасалган операцияларды жасоого болот. Ал эми республиканын түндүк аймактарында башынан жаракат алып, гематомасы бар бейтаптарды операция жасоо оор. Анткени Чүй, Нарын, Ысык-Көл жана Талас облустарында ушуга чейин нейрохирургиялык бөлүмдөр ачылган эмес. Жайкы сезондо Ысык-Көлгө туристтер көп келе баштаган маалда жол кырсыгынан улам баш мээсинен жаракат алган адамдар ооруканага көп кайрылат. Ошол себептен Чолпон-Атага же Балыкчыга чакыруу менен барып, мындай операцияларды көп эле жасап жүрөбүз. Бирок аларда нейрохирургиялык бөлүм жок болгондуктан ал операцияларды травматологиялык же хирургиялык бөлүмдөрдө жасоого туура келет. Ушул аймактарда, өзгөчө Ысык-Көлдө, нейрохирургиялык бөлүмдөр иштеп, жайкысын бир-эки нейрохирург кызматта турса жакшы болмок. Санавиация менен Бишкектен хирургдарды чакырып отургуча облустук ооруканада бир нейрохирургга штат ачуу оңой. Антпесе болбойт. Анын үстүнө бул жактан транспорт менен хирургдар баргыча эле бир топ убакыт өтүп кетет. Балыкчыда да ачылып калса, Нарындан келе жаткан оор бейтаптар жардам алып калар эле. Нарынга өзүнчө деле нейрохирургиялык бир бөлүм ачылса болмок. Негизинен республиканын түндүгүндө нейрохирургиялык бөлүмдөргө зарылчылык бар.
— Эми дарылоо ыкмаларына токтоло кетсеңиз?
— Нейрохирургияда онкологиялык оорулар сыяктуу эле мээ шишиктерин операциялык ыкма менен алып салабыз. Андан кийин ал шишикти гистологиялык иликтөөгө жөнөтүп, анын жыйынтыгы менен химиялык же радиологиялык дарылоо жолу уланат. Залалдуу шишиктерди ушул эки жол менен дарылоо зарыл. Антпесе кайра чоңоюп, тез арада эле пайда болуп калышы мүмкүн. Андан тышкары, азыркы убакта жаңы багыттардан эндоскопиялык нейрохирургия жолу өнүгүп келе жатат. Бул ыкманы Кыргызстанда 2013-жылы алгачкы болуп баштадым. Мында эндоскопиялык аспаптардын жардамы менен мурун көңдөйү аркылуу кирип, мээнин түп жагында же баш сөөктүн негизинде жайгашкан аденомалар атайын ыкма менен алынат. Андан тышкары, азыркы убакта мээнин кан тамыр системасына эндоваскулярдык жол менен операция жасала баштады. Мында баш сөөктү ачпай эле денедеги чоң кан тамырлар аркылуу мээнин тамырларына жетип, ошол жердеги патологияларды стенд коюу же болбосо клей куюу менен жок кылып, дарылап келе жатышат. Мээге кан куюлуп, аневрезма жарылып кеткенде ушундай операция жасалат. Нейрохирургия — бул заманбап технологияларды кеңири колдонгон тармак. Кыргызстанга мындай жабдыктар жай, кеч болсо да келе баштады. Биздин кесиптештер аны иштете алышат, бара-бара аймактардагы ооруканаларга да алып, аны иштетүүнү күнүмдүк тажрыйбага айлантуу керек.
© Sputnik / Асель СыдыковаКеңешбек Ырысов: нейрохирургияда онкологиялык оорулар сыяктуу эле мээ шишиктерин операциялык ыкма менен алып салабыз. Андан кийин ал шишикти гистологиялык иликтөөгө жөнөтүп, анын жыйынтыгы менен химиялык же радиологиялык дарылоо жолу уланат
Кеңешбек Ырысов: нейрохирургияда онкологиялык оорулар сыяктуу эле мээ шишиктерин операциялык ыкма менен алып салабыз. Андан кийин ал шишикти гистологиялык иликтөөгө жөнөтүп, анын жыйынтыгы менен химиялык же радиологиялык дарылоо жолу уланат
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Кээде бейтапты уктатпай эле ал баарын көрүп-билип турган учурда операция жасалат эмеспи. Бизде мындай мүмкүнчүлүк барбы?
— Ооба. Бул операциянын татаалдыгы деле жок. Айрым учурда мээдеги шишиктер адамдын ойлонуу, сүйлөө же колу-бутту башкаруу борборлорунда болот. Анын топографиялык жайгашуусун биз кесипкөй катары билебиз. Бирок операциянын кесепетинен бейтап сүйлөбөй же колу-буту кыймылдабай калышы мүмкүн. Мындайга жол бербеш үчүн аны ойготуп алып жасайбыз. Операция учурунда бейтап менен диалог жүргүзүп, анын персоналдык функциясы бузулбаганын көзөмөлдөп турабыз. Чет өлкөдө кээде гитара ойной алган бейтапка гитара ойнотуп коюшат. Бирок мындагы негизги ыкма — сүйлөшүү.
— Ракка чалдыккан же башында шишиги бар бейтаптар операциядан кийин толук айыгып кетүүсү мүмкүнбү?
— Албетте, азыркы учурда мүмкүнчүлүк бар. Бирок буга көп нерсе таасир этет. Биринчиси — шишиктердин мээдеги же жүлүндөгү жайгашуусу жана орун алышы. Кээде шишик чоң кан тамырларды аралап өсүп кетет. Операция учурунда ошол кан тамырларга тийбей, алардын бүтүндүгүн сактап калуу маселеси көп кыйнайт. Мээнин ичинде кан тамырлардан тышкары көптөгөн нервдер бар. Аларды шишик өзүнө камтып алган болсо, микроскоптон микрохирургиялык ыкма менен бөлүп чыгуу керек. Ушуну биз канчалык деңгээлде толук кандуу аткара алабыз? Бейтаптын толук сакайып кетиши мына ушулардан да көз каранды. Мунун баары ойдогудай жасалса, алардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү бар.
— Дагы бир көйгөй, нейрохирургиялык операциялардын баасы канча? Ага жөнөкөй жарандардын капчыгы туура келеби?
— Эндоскопиялык жана эндоваскулярдык ыкмалар көп акчаны талап кылат. Себеби бул аппараттар өздөрү кымбат турат. Азыр өлкөдө бир-экөө эле болсо керек. Андан тышкары, бул ыкмаларды жасоого кеткен стенд, клей өңдүү жабдууларга каражат көп кетет. Булар бизде чыгарылбайт. Кыргызстанга фирмалар өздөрү алып келип сатышат. Операцияга кеткен каражатты төлөй албай кыйналган бейтаптар болот. Бирок туугандары, достору же демөөрчүлөр жардам берип, операция жасалууда. Антпесе биздин жарандар коңшу Казакстанга барса ушул эле баалар эки эсе, Россияга барса үч эсе жогору. Ал эми бизде минималдуу төлөм менен жасалат. Мекендештерибиз коңшуларга барып убара болбосо дейбиз.
© Sputnik / Асель СыдыковаКеңешбек Ырысов: учурда эндоскопиялык нейрохирургия жолу өнүгүп келе жатат. Бул ыкманы Кыргызстанда 2013-жылы алгачкы болуп баштадым. Мында эндоскопиялык аспаптардын жардамы менен мурун көңдөйү аркылуу кирип, мээнин түп жагында же баш сөөктүн негизинде жайгашкан аденомалар атайын ыкма менен алынат
Кеңешбек Ырысов: учурда эндоскопиялык нейрохирургия жолу өнүгүп келе жатат. Бул ыкманы Кыргызстанда 2013-жылы алгачкы болуп баштадым. Мында эндоскопиялык аспаптардын жардамы менен мурун көңдөйү аркылуу кирип, мээнин түп жагында же баш сөөктүн негизинде жайгашкан аденомалар атайын ыкма менен алынат
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Республика боюнча бул ооруга чалдыккандардын саны жана оорунун абалы тууралуу жалпы мүнөздөмө бере аласызбы?
— Ушул контекстте глобализация жагын карап келсек, бардык өлкөлөрдө болгон тенденциялар бизде деле байкалып жатат. Өзгөчө айырмаланган белгилер жок. Дүйнөнүн масштабында эле карасак, азыр рак оорусунун, шишиктердин өсүүсү бардык жерде жана бардык өлкөлөрдө кездешет. Экологиянын бузулганынанбы, химиялык таасирлердин көбөйгөнүнөнбү же радиациянын жогорулашынанбы, себебин так билбейбиз. Айтор, оорулардын саны улам көбөйүүдө. Мындан тышкары, дартты аныктоо жагы да жакшырып, компьютердик, магниттик-резонанстык томография азыр республиканын туш-тарабында бар. Демек, ооруну да өз убагында аныктоого мүмкүн. Ошондой эле рак ооруларынан тышкары ар кандай жаракат алуу да көбөйүп бара жатат. Азыр техногендик кылымда жашап жатабыз, көчөдө унаалардын саны күн сайын өсүүдө. Мындан улам жол кырсыгына кабылып, мээсине гематома, баш сөөгүнөн жаракат алган бейтаптар арбын.
— Кээде нейрохирургдар адамдын келбетин карап эле анын оорусун байкап коюшат экен...
— Ооба, аны неврологиялык текшерүү деп коёт. Компьютердик текшерүүлөр менен биргеликте бейтапты өзүнчө да иликтеп чыгуу керек. Биринчи кезекте анын көзүн карайбыз. Көздүн каректеринин өлчөмү, алардын кыймылы, реакциясы бизге көп маалымат берет. Нейрохирургдар "көз — мээнин тышка чыгарылган бир бөлүгү" деп тамашалап коюшат. Көз кабыл алган маалыматтардын баары мээге барат. Мээдеги өзгөрүүнүн баары көздө чагылдырылат. Ошону карайбыз. Анан беттин түзүлүшүнө, симметриясына да көңүл бурабыз. Көпчүлүк учурда бет-жаак ассиметриясы байкалса, андан кайсы нервдин функциясы бузулгандыгын билебиз. Мындан тышкары, адамдын басканынан, колу-бутунун кыймылынан эле алгачкы болжолдуу дартты аныктоого болот. Акыркы учурда өзүм да түшүндүрө албайм, бирок гипофиздик аденомасы жабыркаган бейтапты сырттан карап туруп эле байкайм. Анан да эндокриндик бузулуулардын негизинде эркектер аялдарга, аялдар эркектерге окшошо баштайт. Мында аялдардын бети чоңоюп, колдору жооноюп, түк чыгып, акырында тили чоңоюп оозуна батпай калат. Ошол учурда бизге келип операция жасатышат. Ал эми эркектердики, тескерисинче, териси жумшарып, агарып, чачы менен муруту түшүп, үнү ичкерип, алы кетип, жаштар уруксуз болуп, денесинин формасы да өзгөрө баштайт. Ушундай көп симптомдору бар.
— Адамдын эсинде ийгиликтен мурда ийгиликсиз учурлар сакталып калат эмеспи. Операцияга байланышкан оор учур болду беле?
— Биз үчүн ар бир операция оор күрөш. Образдуу айтканда, агайыбыз Миталип Мамытов да: "Биз күнүнө арстан же жолборс менен күрөшкөндөй иш кылабыз. Аны эч ким түшүнбөйт", — деп көп айтат. Мындай карасак, күнүнө ажал менен күрөшүп келет экенбиз. Бейтаптын өмүрү — хирургдардын колунун иштеши менен операциянын ийгиликтүү өтүшүнөн көз каранды. Ошондуктан өтө кылдат, сабырдуулук менен иш кылабыз. Орустарда "хирург өзүн жоготкондо бейтап өмүрүн жоготот" деген сөз бар. Биз сабырдуу болуп, эч качан эмоцияга алдырбашыбыз керек. Бирок кээде оор операция учурунда шишик кан тамырлардын арасында болсо, кан тамырлар канап, аларды токтотуу кыйын болуп калат. Кээде кан куюу керек болуп, анын кесепетинен мээ да шишип көөп баштайт. Нейрохирург болуп иштеп келе жаткандан бери мээ тууралуу канчалык көп окуп, өздөштүрүп, жакындан билген сайын ал ошончолук табышмактуулугун, көп кырдуу сырын көрсөтүп жатат. Убакыттын өтүшү менен бул мээ тууралуу дагы көп нерсени билбегенимди түшүнүп жатам. Ошондуктан келечекте деле адамдын мээси илимпоздордун көп изденүүсүн, эмгегин талап кылган башкы орган болуп кала берет.
© Sputnik / Асель СыдыковаКеңешбек Ырысов: нейрохирургияны бүткөн биздин мекендештердин көбү иш таппайт. Республиканын түндүгүндө нейрохирургиялык бөлүмдөр ачылса жакшы болмок
Кеңешбек Ырысов: нейрохирургияны бүткөн биздин мекендештердин көбү иш таппайт. Республиканын түндүгүндө нейрохирургиялык бөлүмдөр ачылса жакшы болмок
© Sputnik / Асель Сыдыкова
— Акыркы кезде жакшы дарыгерлер сыртка кетип калышууда деп жатышат. Нейрохирургия тармагында адистер жетиштүүбү, шакирттериңиз барбы?
— Бардык эле тармактардын өнүгүшү үчүн адам фактору роль ойнойт. Ар бир системаны адамдар иштетет. Андыктан биздин дарыгерлер да медицинада көптөгөн ийгиликтерге жетишип келе жатышат. Бардыгы эле чет өлкөгө кетип жатат деген тенденцияны мен башкача түшүндүрөт элем. Нейрохирургияны бүткөн биздин мекендештердин көбү иш таппайт. Республиканын түндүгүндө нейрохирургиялык бөлүмдөр ачылса дегеним ушул болчу. Биринчиден, биздин жергиликтүү калкка жакшы. Экинчиден, бизден ординатураны бүтүп, практикалык тажрыйба алып кеткен жигиттер барып иштемек. Жумуш орун жоктугунан алар Россия, Казакстанга, кээ бирлери Европага барып иштөөгө мажбур. Бул башка тенденция. Бирок нейрохирургияга кызыккан жаштар көп. Алар даяр адис болуп чыккандан кийин иш жок. Бул жерде маселе маянада эмес. Миталип Мамытов агайыбыз: "нейрохирургияда алгачкы элүү жылда кесибиң үчүн иштейсиң", — деп тамашалап коёт. Бирок чындыгында 10-15 жыл маянага маани бербей, адис катары калыптанууга убакыт жумшайсың. Чет өлкөлөрдө окуп, клиникаларда тажрыйба алып, анан өз алдыңча кадр болуп иштөө үчүн 15 жылдай убакыт кетет экен. Күнүнө окуп, илимден артта калбоо керек. Профессор болгонума 16 жыл болду, бирок дагы эле окуп изденип келе жатам. Антпесе биз өзүбүздүн профессионалдык деңгээлибизди сактай албай калабыз. Илимдеги тенденциядан калбай, кесипкөйлүк базабызды кеңейтип турушубуз керек. Андан тышкары, мен илимпоз катары 15 илимдин кандидатын жана илимдин бир докторун даярдадым. Алардын баары Кыргызстанда эмгектенүүдө.