Кыргыз өкмөтү Казакстанга электровоз поезддерин каттатууга камынууда. Долбоор

© Sputnik / Игорь ЗарембоПоезд. Архив
Поезд. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоору 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү темир жол линияларын электрлештирип, Казакстанга кеткен тепловоздорду электровоз поезди менен алмаштырууну пландап жатат. Бул туурасында "2021-2025-жылдарга Кыргыз Республикасында темир жол транспортун өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" өкмөттүн токтом долбоорунда жазылган.
Луговой — Балыкчы темир жол бөлүгү Кыргызстанды Казакстан жана башка өлкөлөр менен байланыштырган негизги транспорттук артерия болуп саналары белгиленет. Секция бир жолдуу, эксплуатациялык узундугу 321,5 чакырымды түзөт. Анын 60,3 чакырымы Казакстанга, 261,2 чакырымы Кыргызстанга туура келет. Луговой станциясы коңшу өлкөнүн Жамбыл облусунда жайгашкан.
"Луговой — Балыкчы участогун электрлештирүү долбоорун ишке ашыруу темир жол каттамынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган. Ошондой эле отунга болгон көз карандылыкты жана айлана-чөйрөнүн булгануусун төмөндөтөт. Электрлештирүүгө жумшалган каражат эксплуатациялык чыгымдарды үнөмдөөнүн эсебинен төлөнөт. Долбоордун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жана темир жол участкасын электрификациялоону ишке ашырууга эл аралык каржы институттарын тартуу пландалууда", — деп жазылат токтом долбоорунда.
Луговой — Балыкчы участогу электр тартууга өткөндө жүк ташуучу, жүргүнчү ташуучу тепловоздор паркы электровоздор менен алмаштырылат.
Поезд на железнодорожном вокзале Бишкека. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Чүйдө 31-декабрдан тарта эл ташыган поезддер каттай баштайт
"Ушуга байланыштуу атмосферага курамында көмүртек кычкылы, азот кычкылы, күкүрт кычкыл газы, көө жана башка зыяндуу заттардын чыгуу массасы 100 пайызга төмөндөйт. Трассанын жогорку курулмасындагы жана жолдогу майдын курамы азаят. Электр тартууга өткөндө ызы-чуунун деңгээли басаңдайт", — деп айтылат.
"Луговой — Балыкчы темир жол участогун электрлештирүү" долбоорун 2023-2025-жылдары ишке ашыруу пландалууда. Техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоого каражат булагы табылганы айтылды. Ал эми долбоордун өзүн аткарууга "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражаты, насыялар жана инвестициялар менен алуу каралган.
Жаңылыктар түрмөгү
0