Бизнес кылабыз деп аялдарды алдап жүргөн кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Видео

CC0 / 4711018 / Аресты в КР
Аресты в  КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органдары шектүүнүн алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Бишкекте алдамчылыкка шектелген 41 жаштагы А. К. аттуу жаран кармалганын Октябрь РИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Колго түшүрүлгөн эркек киши уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган. Укук коргоо органдары анын алдамчылык боюнча 12 фактыга тиешеси бар экенин аныктаган. Келтирилген чыгымдын жалпы суммасы 1,4 миллион сомду түзөт.
РИИБ аны милицияга алып келе жаткан видеону чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от УВД Октябрьского района (@uvdoktyabrsky)

Кылмыштардын бири былтыр 25-декабрда катталган. Арыз ээси март айында А.К. ага жер тилкесин сатып алууга жардам берем деп 180 миң сомун алгандыгын билдирген. Ошондой эле 2019-жылдын октябрь айында ага бизнес жүргүзүүнү сунуштап, 20 миң сомун алып байланышпай койгон.
8-январда дагы бир аял укук коргоо органдарына кайрылган. Ал чогуу бизнес баштоону сунуштап, 60 миң сомун алган боюнча дайынсыз жоголгон кишини таап берүүнү суранган.
Алдамчылык фактылары каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0