00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кыргызстандан Европага кеткен 670 кг баңгизат. Декабрдагы соттук чечимдер

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүБаңгизат. Архив
Баңгизат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Декабрда фемида өкүлдөрү бир топ чуулуу иштерди карап чыкты. Укук коргоочулар тергеп, сотко өткөн кылмыштардын арасында Германияга 670 килограмм баңгизат жөнөткөн кылмыштуу топтун, күзүндөгү шайлоодо добуш сатып алууга аракет кылган пенсионердин былыктары бар.
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жылдын акыркы айында соттор чыгарган чечимдердин айрымдарын тизмектейт.

Шайлоодо акча тараткан чал

Жетимиш жашка барып калган аксакал 2020-жылдын октябрь айында өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо добуш сатып алуу максатында акча таратып жүргөн жеринен милиционерлердин колуна түшкөн. Сот отурумунда ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, ал ишке балдарын жумушка орноштуруу үчүн баргандыгын айткан. Себеби "Мекеним Кыргызстан" партиясынын талапкерлеринин бири анын уулдарын Ош облусундагы жаңы ачылган ишканага киргизип берем деп убадалаганын билдирген. Эми айыпталуучу мамлекетке 180 миң сом төлөмөй болду.

Секелек кызга кол салган зөөкүр

Унаасын талкалап кирип... Россияда 1 млрд. рублдик баңгизат менен кармаган видео - Sputnik Кыргызстан
Унаасын талкалап кирип... Россияда 1 млрд. рублдик баңгизат менен кармаган видео

Мурда соттолгон, аялы менен ажырашып кеткен 40 жаштагы эркек киши мас болуп алып тууганынын 11 жаштагы кызы менен жыныстык катнашка барууга аракет кылган. Ал ыплас иш жасайын деп жатканын жакындары көрүп калып сарайдан кубалап, милицияга арыз жазышкан. Сотто шектүү күнөөсүн такыр мойнуна албай койгон. Ал эми зомбулукка дуушар болгон секелек жана анын жакындары окуянын чоо-жайын тергөөчүгө айтып берген. Эми эргул беш жыл өмүрүн темир тор артында өткөрөт.

Аялын бычактап өлтүрүп....

Эч жерде иштебеген, мурда соттолгон 36 жаштагы жаран адам өмүрүн кыюу үчүн атайын үйүнөн бычак алып чыгып, жолдон арак ичип алып коомдук тамактануучу жайлардын бирине барган. Ал жактан тааныш аялды барымтага алып, мойнуна бычак сайып жиберген. Тергөө маалында колго түшкөн эркек каза болуп калган келин менен убагында бирге жашап жүргөнүн, кийин анын боюнан түшүп калганда экөө тил табыша албай калганын айткан. Кылмыш болгон күнү ал аял менен сүйлөшкөнү келсе, келинчегинин биринчи жолдошу да кафеге кирип келген экен. Натыйжада эки эркек мушташып, соттолуучу аялды барымтага алуу менен аны бычактап салган. Маркумдун артында жашы жете элек үч баласы калды. Фемида өкүлдөрү эргулду 15 жылга кести.

Базардан паспорт сатып алган сулуу

Токтогул районунан табылган баңгизат - Sputnik Кыргызстан
Баткен: абакка нашааны психдиспансер аркылуу алдырууга камынып... Сүрөт

Кыргызстандык жаш кыз бир нече жыл Түркияда эмгектенип жүрүп депортацияланган. Өз мекенине келгенден кийин ишсиз калган. Күндөрдүн биринде ал "Ош" базарындагы радио түйүндөн өзүнө окшош башка кыздын паспортун сатып алып Түркияга учуп кеткен. Кайра Кыргызстанга келгенде "Манас" эл аралык аэропортунда погончондордун колуна түшкөн. Тергөөдө ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, соттон жеңил жаза берүүнү өтүнгөн. Сот бийкечти бир жылдык пробациялык көзмөлгө калтырды.

Европага жөнөтүлгөн 670 килограммдык баңгизат

Бишкекте өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн түркиялык жеке ишкана ээлери Ички иштер министрлигинин, Соода - өнөр жай палатасынын, Мамлекеттик бажы кызматынын жогорку кызматтагы адамдары менен бирге өтө оор кылмыш жасоого бел байлаган. Кылмыштуу топтун курамына Кыргызстан менен Түркиянын жарандары кирип, алар жүк ташуучу унаага 20 тоннадан ашык кондитердик азыктарды жүктөп Германияга жөнөткөн. Бирок Германия менен Польшанын укук коргоочулары унааны текшергенде, ичинен 40-50 миллион еврого бааланган 670 килограммдык баңгизат табылган. Кыргызстандык тергөөчүлөр болсо бир шектүүнү колго түшүргөн. Айыпталуучу тергөө менен кызматташып, кылганын толук мойнуна алган. Сот ага 300 миң сом айып салган, ал эми калган мүчөлөрү боюнча маалыматтар жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0