00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
ИИ: шанс для Кыргызстана или путь в технологическую зависимость?
20:07
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
09:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Вивальди и тысячи труб: как орган снова становится модным
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Ата-энелерге эскертүү: жылуу кышта муз өзгөчө кооптуу
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
QR-парковки в столице: удобно ли водителям и что будет дальше
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБге кадрлар кантип тандалат?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Кто и что угрожает странам ЕАЭС — беседа с политологами
14:04
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
15:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
с Мариной Соломко
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Золото или ценные бумаги: во что стоит инвестировать кыргызстанцам
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Афганистанда кыргыздар менен жолукканымды эч качан унутпайм
19:07
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Отчего наступает бесплодие у женщин и как его лечат в Кыргызстане
20:06
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Бир мүнөттүк ылдамдык — бир айлык дарылоо? Кышкы спорттук көңүл ачуудагы эрежелер боюнча дарыгердин кеңештери
21:05
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары

© Фото / из личного архива Чынары АпсаматовойПрезиденттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жана жубайы Чынара Апсаматова үй-бүлөсү менен
Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жана жубайы Чынара Апсаматова үй-бүлөсү менен - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл КМШ мамлекеттеринин ичинен үчөөндө президенттик шайлоо болду. Ал эми Кыргызстанда элдик толкундоо жолу менен бийлик алмашты.

2020-жылы Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин ичинен Тажикстан, Молдова жана Беларуста өлкө башчысы шайланды. Тажикстан менен Беларуста бийлик башына мурдагы эле ажолор келди. Ал эми Молдовада Игорь Додондун ордун Майя Санду ээледи.

Кыргызстанда болсо 5-6-октябрдагы элдик толкундоодон кийин Сооронбай Жээнбеков кетип, бир эмес эки киши президенттин милдетин аткарууга жетишти. Алар — учурда өлкө башчылыкка талапкер Садыр Жапаров менен президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов.

Бүгүн Sputnik Кыргызстан КМШ мамлекеттеринин жаңы жетекчилеринин өмүрлүк жары менен тааныштырат.

Тажикстан

Коңшу мамлекетти чейрек кылымдан бери башкарып келип, быйыл кайра шайланган президент Эмомали Рахмоновдун үй-бүлөсү чоң. Жубайы Азизмо Асадуллаева экөө жети кыз, эки уулду тарбиялашкан. Бирок канайым тууралуу эмнегедир ачык маалыматтар аз. Ал жолдошун чет элдик сапарларда жана расмий иш-чараларда көп коштобойт.

Былтыр жергиликтүү ЖМКлар Рахмон Согди облусунда жубайы жана неберелери менен мөмө-жемиш терип жүргөн сүрөттөрдү жарыялаган.

© Фото / пресс-служба президента ТаджикистанаТажикстан президенти Эмомали Рахмонов жубайы Азизмо Асадуллаева менен
Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары - Sputnik Кыргызстан
Тажикстан президенти Эмомали Рахмонов жубайы Азизмо Асадуллаева менен

Беларусь

Беларустун канайымы Галина Лукашенко быйыл 65 жашка чыкты. 1998-жылдан бери Могилевский облустук аткаруу комитетинде эмгектенип, санаториялык дарыланууну уюштуруу иштери менен алектенери айтылат. Айылда жашап, жолдошун иш-чараларда дээрлик коштоп жүрбөйт. Могилевский педагогикалык институтунун тарых факультетин аяктаган.

© Sputnik / Ю. Иванов / Медиабанкка өтүүБеларустун канайымы Галина Лукашенко
Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары - Sputnik Кыргызстан
Беларустун канайымы Галина Лукашенко

Молдова

Молдовада ноябрь айында шайлоо болуп, учурдагы президент Игорь Додон атаандашы Майя Сандуга утулуп калган. Санду шайлоочулардын 57,72 пайызынын добушуна жеткен. Өлкө Конституциясы боюнча, жаңы өлкө башкы шайлоодон 45 күн өткөнгө чейин ант берип, ишине киришүүсү керек.

Бүгүн биз 48 жаштагы жаңы өлкө башчынын жолдошу жөнүндө сөз кыла албайбыз. Анткени Санду турмушка чыга элек, балдары дагы жок. Анын жеке турмушу тууралуу маалымат негизи эле аз. Шайлоо кампаниясы учурунда интернетке Майя айымга окшогон аялдын башка аял менен жетелешип кетип бара жаткан сүрөтүн чыгарып, көпкө талкуулашкан. Бирок өзү бул нерсе жөн гана атаандаштардын каралоосу экенин айтып чыккан.

© Sputnik / Михай Карауш / Медиабанкка өтүүМолдоваданын президенти Майя Санду
Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары - Sputnik Кыргызстан
Молдоваданын президенти Майя Санду

Кыргызстан

Кыргызстанда президенттин милдетин октябрь-ноябрь айларында Садыр Жапаров аткарып турду. Анын жубайы Айгүл Асанбаеваны айрым кыргызстандыктар мурда эле билчү. Анткени Айгүл айым жолдошу камакта жаткан кезде нааразычылык акцияларына чыгып, ЖМКларга маек берип келген. Асанбаева 47 жашта, жолдошунун коңшу айылынан.

Айрым булактарда жубайлардын беш, айрымдарында төрт баласы бар экени айтылат. Бирок Айгүл айым маектеринин биринде беш баласы бар экенин, алардын бири жол кырсыгынан каза тапкан кайнисинин уулу экенин айтып берген. Тилекке каршы, тун уулу Дастан былтыркы жылдын август айында жол кырсыгынан каза болгон.

© Фото / из личного архива Чынары АпсаматовойПрезиденттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жана жубайы Чынара Апсаматова үй-бүлөсү менен
Талант Мамытовдун жубайы — акушер. КМШдагы жаңы президенттердин жубайлары - Sputnik Кыргызстан
Президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов жана жубайы Чынара Апсаматова үй-бүлөсү менен

Ал эми азыр президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытовдун жубайы — Чынара Апсаматова. Кесиби — фельдшер-акушер.  41 жаштагы Чынара айым учурда балдарды тарбиялоо менен алек. Төрт баланын энеси. Азырынча коомчулукка жолдошун коштоп чыга элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0