Соода-логистикалык борбор салынбайт. Ат-Башынын акими менен маек

© Фото / Канат ОсмоновАт-Башынын акими Нурбек Сатаров
Ат-Башынын акими Нурбек Сатаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ат-Башыга кийинки жылы жүн, терини кайра иштеткен чоң ишкана курулуп калышы мүмкүн. Ошондой эле Бажы кызматына караштуу логистикалык комплекс салуу да пландалып жатканы айтылды.

Бул курулуштар качан салынып баштайт, айтылып жаткан иштер чынында эле ишке ашабы? Алыскы, тоолуу райондо жасалчу жана аткарыла турчу иштер тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы аким Нурбек Сатаров менен маек курду.

— Жакында эле Өзбекстандын Фергана району менен Ат-Башыга жүн, тери иштеткен ишкана куруу боюнча сүйлөшүү болуптур. Бул качан ишке ашат?

— Фергана районунун жетекчилиги импорт, экспорт тармагында иштешели деп демилге көтөрүп, чакырган. Себеби акыркы учурда алар бизден чыккан эт, сүт, картошка сыяктуу айыл чарба азыктарына кызыгып жатат. Чакыруу түшөрү менен ТИМдин уруксатын алып, аталган районго айыл өкмөт башчылары, тийиштүү адистер менен барып келдик. Иш сапардын алкагында Ферганадагы бардык ишканалардын жумушу менен тааныштык. Ал жакта бут кийим, кездеме чыгарган, жип өндүргөн, пахта иштеткен чоң завод бар экен. Барганда ошол заводдун кожоюну менен дагы жолугуп калдык.

Бизде жүн, терилер иштетилбей жатканын айтып, ага өткөрөлү, албайсыңарбы деген сунуш киргиздик. Баш тарткан жок, тескерисинче, бул идеяны колдоду. Бирок терини иштетип алып кетиш үчүн атайын жабдуу орнотуу зарыл экенин айтты. Ал эми жууркан жасоо үчүн жүндү Ат-Башыдан чогултуп, дароо жип кылып чыгарып кеткендей кылайын деп өзү сунуш киргизди. Жыйынтыгында жүн менен терини кайра иштетүү үчүн Ат-Башыга ишкана курууга токтолдук.

Ферганадан келерибиз менен салына турган ишкана боюнча документти даярдап Тышкы иштер министрлигине жөнөттүк. Эми эки өлкөнүн ТИМ башчылары эл аралык меморандум даярдашат. Ал эми өзбек тарап Ат-Башыга 2021-жылдын январь айынын соңунда келет. Келишимге ошондон кийин кол коебуз. Азыр бул боюнча сүйлөшүүлөр гана жүрдү десек туура.

© Фото / Канат ОсмоновНурбек Сатаров: Фергана районунун жетекчилиги импорт, экспорт тармагында иштешели деп демилге көтөрүп, чакырган. Себеби акыркы учурда алар бизден чыккан эт, сүт, картошка сыяктуу айыл чарба азыктарына кызыгып жатат.
Соода-логистикалык борбор салынбайт. Ат-Башынын акими менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Сатаров: Фергана районунун жетекчилиги импорт, экспорт тармагында иштешели деп демилге көтөрүп, чакырган. Себеби акыркы учурда алар бизден чыккан эт, сүт, картошка сыяктуу айыл чарба азыктарына кызыгып жатат.

— Ишкана курула турган болсо районго кандай пайда алып келет? Артыкчылыктарын айтып бересизби?

— Биринчиден, бизде сырьёону сатуу мүмкүнчүлүгү пайда болот. Азыркы күндө Ат-Башыда сапаттуу гана жүндүн баасы чыгып, калган кылчык, кара жүн сатылбай, бааланбай эле турат. Терилер да сатылбай, таштандыга ыргытылып жатат. Мурда Кытайга кетип, бир аз да болсо баа болчу, азыр аны алган киши жок. Дал ушул эки сырьёну сатканга элге мүмкүнчүлүк түзүлөт. Экинчиден, ишканадан салык түшүп, эл жумуш менен камсыз болот. Ал завод салынып кала турган болсо, жалаң жергиликтүү эл иштегидей шарт койгонго аракет кылабыз.

Эгер бул план ишке ашып калса, Ат-Башынын эли эле эмес, ишканага Нарындын башка райондорунун калкы да сырьёсун өткөрүп турат.

— Жакында эле Экономика министрлигинен "Ат-Башыга бажы-логистикалык комплексин куруу боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат" деген маалымат келди. Бул жерде кеп мурдагы соода-логистикалык борбору тууралуу болуп жатабы же башкабы?

Ири мүйүздүү тирүү мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Малдын териси иттердин эрмегине айланды. Айылдыктарга ким көмөктөшөт?
— Экөө таптакыр эки башка долбоор. Мурдагыда 200 гектарга соода-логистикалык борбор салуу долбоорун түзүп чыгышкан. Ал эми мунусу Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы бир ишкана же бөлүгү эле болот десе туура. Азыр аны ким, качан курары белгисиз. Тендерин да өткөрө элек экен, салына турчу жери да аныктала элек. Айтор, бул теманы азыр козгоого али эрте. Бишкектен Экономика министрлигинин, Бажы кызматынын өкүлдөрү келип бул долбоор тууралуу айтканда, биз аны элге ачык алып чыгууну сурандык. Себеби эл буга чейинки долбоордон чочулап калган.

Шайлоо бүткөндөн кийин тиешелүү тараптар долбоорду даярдап алып келишет. Анда комплекс кандай болуп, кайда салынары, ким курары бүт жазылат. Мунун баары менен таанышып чыккандан кийин гана эл менен кеңешебиз. Баары эл менен макулдашылат. Азыр эч нерсеси баштала элек, ошондуктан дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок. Баары такталып, макулдашылгандан кийин гана жер берүү маселесин карайлы деп сунуштадык.

© Фото / Канат ОсмоновАт-Башынын акими Нурбек СатаровНурбек Сатаров: Ат-Башыга жүн, теринин кайра иштетүүчү ишкана салынып кала турган болсо, биз сырьёону сата баштайбыз. Жүн менен тери азыр бизде жөн эле таштандыга ыргытылып жатат.
Соода-логистикалык борбор салынбайт. Ат-Башынын акими менен маек - Sputnik Кыргызстан
Ат-Башынын акими Нурбек СатаровНурбек Сатаров: Ат-Башыга жүн, теринин кайра иштетүүчү ишкана салынып кала турган болсо, биз сырьёону сата баштайбыз. Жүн менен тери азыр бизде жөн эле таштандыга ыргытылып жатат.

— Экономика министрлиги логистикалык комплекс деп айтыптыр. Ошондо бул аз эле аянтты ээлеген чакан эле ишкана болобу?

— Бул ошол Мамлекеттик бажы кызматынын алдындагы комплекс болушу мүмкүн. Ал жерде өздөрүнүн кеңсеси, кампа, товар карай турган жери жайгашуусу ыктымал.

Азыркы кеп болуп жаткан комплекс мурдагы соода-логистикалык борбордун ондон же 20дан бир эле бөлүгү болот. Буга чейин чуу болгон долбоордо заводдор, мейманканалар бар эле. Анда чоң шаарча курабыз дешкен. Ал эми бул андай ири долбоор эмес.

— Өткөндө бул тема кайра көтөрүлгөндө соцтармак колдонуучуларынын айрымдары аны кытай инвесторлору салабыз десе макул болбойбуз деп жазып жатышты. Бул ирет да тендерде кытай инвесторлору жеңип калса кандай болот?

— Эгер кытай инвестору жеңсе, анда биз да макул болбойбуз. Анткени алардын салышына эл буга чейин эле каршы болгон, эми да каршы чыгышы ыктымал. Эл каршы болуп туруп алган жерде эч нерсе аягына чыкпайт. Ошондуктан кокус кытай инвестору жеңип ала турган болсо, андан баш тартууга туура келет.

— Ат-Башы районунун эли көбүнчө мал чарбачылыгы менен жан багарын жакшы билебиз. Жакында эле өкмөт малды сыртка чыгарууга тыюу салып койду. Бул мал менен жан сактаган фермер, жергиликтүү тургундарга кыйынчылык жараткан жокпу?

— Өкмөт андай чектөөнү жалпы республика боюнча анализ жүргүзгөн соң киргизди. Себеби малдын, эттин кымбат болушу шаардыктарга же малды аз кармаган аймактарга кыйын эле. Ал эми ат-башылыктар этти сатып жебейт. Бирок мал менен жан багып, оокат кылышат. Мал сатып тамак-аш алып, иш кылат. Сыртка чыгарууга чектөө коюлары менен малдын баасы дароо түштү. Ошол себептен ат-башылыктар бул чектөөгө нааразы эле болуп жатышат.

© Фото / Канат ОсмоновНурбек Сатаров: азыр Ат-Башыда сүт заводу бар. Бирок эл кызыкпай жатабы же бизде сүт багытындагы уйлар азбы, айтор, сырьё өтө эле аз. Быйыл тоют кызылчасын алып сээп көрүп, ошону малга берсек, жакшы сүт береби деген үмүт бар.
Соода-логистикалык борбор салынбайт. Ат-Башынын акими менен маек - Sputnik Кыргызстан
Нурбек Сатаров: азыр Ат-Башыда сүт заводу бар. Бирок эл кызыкпай жатабы же бизде сүт багытындагы уйлар азбы, айтор, сырьё өтө эле аз. Быйыл тоют кызылчасын алып сээп көрүп, ошону малга берсек, жакшы сүт береби деген үмүт бар.

— Элди жумуш менен камсыз кылууда кандай иштер жасалып жатат?

— Биздин райондо мал чарбачылыгына басым жасалып, дыйканчылык калып калган. Биринчиден, климаттык шарт катаал болсо, экинчиден, жерлер аябай арык. Бул кызматка келгенден бери жерлерди агрономдор менен анализдеп жатабыз. 

Алдыда ошол жерлерге семирткич сээп, тоюттун жаңы түрлөрүнө өтөлү деп жатабыз. Быйыл жасмык (чечевица) айдап көрдүк. Аны жеке менчик фирма менен иштешип айдаганбыз, агрономдору келип, текшерип турушту. Бул өсүмдүк Ысык-Көлгө караганда бизде жакшы өсөт экен деп айтышты. Болгону быйыл аны бир айга кеч айдап калдык. Анын үстүнө аба ырайы жаанчыл болуп жакшы байлабай калыптыр. Бирок тоют катары чаап алдык. Көрсө, анын калориялуулугу арпадан да күчтүү келип, тоют катары жакшы экен. Бул өсүмдүктү айдагандар чыгымга учурабайт. Мисалы, жакшы бышса дан катары чаап алышат, болбосо тоют кылышат.

Мындан сырткары, кант кызылчасынын тоют кызылчасы деген түрү бар экен. Быйыл ошону айдайлы деген план бар. Себеби ал уйга жакшы тоют болуп, сүттү көп чыгара турганын адистер айтты.

Бизнесмен Зафарбек Сулайманов - Sputnik Кыргызстан
Баары эле жылмайышат… 23 жашында миллион сом тапкан кыргыз жигиттин баяны
Азыр Ат-Башыда сүт заводу бар. Бирок эл кызыкпай жатабы же бизде сүт багытындагы уйлар азбы, айтор, сырьё өтө эле аз. Быйыл тоют кызылчасын алып сээп көрүп, ошону малга берсек, жакшы сүт береби деген үмүт бар. Ал өсүмдүктү сепкен техниканы быйыл эле алдык. Тоюттун башка түрлөрүн да караштырып жатабыз.

Келе жаткан жылы райондо мал сое турган жай да ачылат. Анын курулуш иштери быйыл эле бүтүп ишке берилмек, бирок аба ырайы жана пандемиядан улам жумуш үзгүлтүккө учурап калды.

Жаздын алды менен жашылча-жемиш сактаган кампа да ачалы деп жатабыз. Азыр бизде картошка жакшы өтүп жатат. Жашылча сактаган кампа ачсак, эл аны кампага салып коюп каалаган убагында сата алат. Аны жергиликтүү эле инвесторлор курабыз деп жатат. Салынып калса, ээси бир бааны коет. Дыйкандар картошкасын ошол жакка эле сатат, болбосо кампага акысын төлөп коюп жазга чейин сактаса болот.

Мунун баарын ишке ашыруу үчүн бизде жер маселеси жаралууда. Бирок трансформация боюнча жаңы токтомдор чыкты, алар иштеп калса бул пландар ишке ашат деген ой бар. Биздин райондо, мындан сырткары, Ак-Сайдан арашан суусун алып келип газдалган чалап чыгарган чакан завод да иштөөдө. Курулуш материалдарын чыгарган ишканалар, балык чарбалар бар.

Мунун баарында жергиликтүү тургундар иштейт. Аларды толугу менен жумуш менен камсыз кылбасак да мал чарбачылыгын өнүктүрүп, жашоо шартын жакшыртууга колдон келген аракеттер жасалууда.

© Фото / Канат ОсмоновАким: Ат-Башыга жаздын алды менен жашылча-жемиш сактаган кампа да ачалы деп жатабыз. Азыр бизде картошка жакшы өтүп жатат. Жашылча сактаган кампа ачсак, эл аны кампага салып коюп каалаган убагында сата алат.
Соода-логистикалык борбор салынбайт. Ат-Башынын акими менен маек - Sputnik Кыргызстан
Аким: Ат-Башыга жаздын алды менен жашылча-жемиш сактаган кампа да ачалы деп жатабыз. Азыр бизде картошка жакшы өтүп жатат. Жашылча сактаган кампа ачсак, эл аны кампага салып коюп каалаган убагында сата алат.

— Ат-Башыда коронавирус жуктургандар көп катталган учурда райондогу оорукананын абалына сын-пикирлер айтылып, ал өтө начар абалда экенин жазышты.

— Мен бул кызматка дайындаларым менен өзгөчө кырдаалдар режими киргизилди. Райондо ооругандар көп катталып, бир аз башаламандык болду. Негизи мындай кырдаалда, албетте, оорукананын сыйымдуулугу талапка жооп бере албайт. Анткени орундар аз.

Материалдык-техникалык база буга чейин начар болчу. Кычкылтек концентраторлор жок, ИВЛ-аппараттар эскирип кеткен. Бирок демөөрчүлөрдүн жардамы менен абалды жөнгө салганга аракет кылдык. 105 аппарат коюлуп, үч медициналык мекемеге автоунаа алып бердик. Тез жардам, Санэпидем көзөмөл жана райондук ооруканада автоунаалар жок болгондуктан, Нарынга анализ өз убагында жетпей кыйналганбыз. Азыр кычкылтек концентраторлорунун линиялары тартылып, рентген аппараттары алынып жакшы болуп калды.

Райондо жаш медиктер жетишсиз. Пульмонолог жок, акушерлерден улгайгандар гана калды. Башка жактан келип иштейм деген медиктерге эки батир жана жатаканадан 10 бөлмө даярдап койгонбуз.

— Азыр райондо эпидкырдаал кандай?

— Азыр аймакта эпидемиологиялык абал туруктуу. 7-декабрдан тарта мектептер ачылып, айрым класстар окуй баштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0