Sputnik Кыргызстан агенттигинин колумнисти Мирбек Сакенов аталган маселеге кайрылып көрдү.
Өкмөт ноябрь айында мал жана айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн өлкөдөн чыгарууга тыюу салды. Ал тизмеге тирүү жылкы, ири мүйүздүү тирүү мал, тирүү кой жана эчкилер, тирүү үй канаттуулары: тоок (Gallus domesticus), өрдөк, каз, үндүк жана куштар кирди. Андан сырткары, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, буудай уну, өсүмдүк майы, кумшекер, тоок жумурткасы, йоддолгон туз жана тоют да сыртка сатылбай калды.
Айыл чарба министрлиги мындай сунушту азык-түлүк коопсуздугуна тынчсыздангандыктан улам бергендигин кабарлаган. Андан көп өтпөй облустардагы базарларда малдын баасы мурдагыга салыштырмалуу түшүп кеткендиги айтыла баштады.
Ошондуктан өкмөттүн кабыл алган чечимин айыл жеринде жашагандар түрдүү кабыл алууда. Кээ бири жогорку кызматтагы аткаминерлерге сын-пикир айтса, дагы бири малды чет жакка чыгарууну тыюу салбастан, өлкөдөгү мал чарбачылыгын алдыга жылдырган аракеттерди сунуштоодо. Биз алардын айрымдарын тизмектеп берелик.
Ит бекер жаткан тери
Улуттук статистика комитетинин 2019-жылдагы маалыматына ылайык, Кыргызстанда 850 миңге жакын уй, жарым миллиондон ашык жылкы, алты миллиондон ашык кой-эчки жана 1,5 миллиондон ашык ири мүйүздүү мал бар. Ошондой миллиондогон малы бар республикада азыркыга чейин бодонун, кой-эчкинин териси, жүнү өлкө аймагында иштетилбей келет. Бир нече жыл мурун облустарда кой-эчкинин териси 100-200 сомдон, бодо малдыкы 1000 сомдон жогору баада алынып турган. Ортодо ал чет элдик ишкерлердин байланышы бар өндүрүштөр токтоп калып, кайра иштетүүчү жарактуу продукция учурда айыл четиндеги таштандыга үйүлүп калды. Башка мамлекеттер бука менен уйдун терисинен кайыш, ат жабдыктарынан баштап бут кийимге чейин чыгарып жакшы эле киреше таап жатса, бизде малдын териси айылдык иттердин эрмегине айланды.
Кайра иштетүүгө муктаж болгон жүн
Малдын сөөгүн дагы иштетсек болмок
Ооз көптүрүп "мал киндиктүү жербиз, этсиз жашай албайбыз, жамандык-жакшылыкта мал сойбой кое албайбыз" деген республикада азыркыга чейин малдын сөөгүн иштеткен бир да ишкана жок. Мисалы, азык-түлүккө колдонууга жараксыз болгон сөөктөрдөн короодогу тоок, үндүк, үйдөгү ит-мышыктардын курсагын тойгузуп, өсүшүнө көмөктөшө турган кошулмаларды даярдоого мүмкүн экендигин чарбакерлер билет. Анткени анын курамында кальций арбын, аны жеген үй жандыктарынын сөөгү бекем болуп, тез өсүшүнө өбөлгө болот. Жок дегенде биз ошону жолго салып алсак, айылдагы иттер жугунду ичсе дагы, шаардагы үй жаныбарларынын курсагын жергиликтүү продукция менен тойгузуп калат элек. Себеби азыр ошонун баары чет мамлекеттерден алып келинүүдө.
Бул элеттиктердин тизмектеген сунуштарынын айрымдары гана. Азыр айылдыктар эт, сүт багытындагы асыл тукумдуу малды гана багууга, сандан сапатка өтүүгө өтө кызыкдар. Сааган уйларынын сүтү, малынын эти жогору баада алынса, жайдыр-кыштыр тоодо жүрүп, жада калса бала-чакасын унутуп калган чабандарга өкмөт көңүл бурса дегенде эки көзү төрт.