БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Кыргызстанда соңку суткада 335 киши коронавирус инфекциясын жугузуп алды, ошондой эле 478 бейтап ооруну жеңди. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана U07.2 катталган жаңы учурлар:
- Бишкек — 84;
- Ош — 28;
- Чүй облусу — 107;
- Ош облусу — 35;
- Талас облусу — 2;
- Нарын облусу — 15;
- Ысык-Көл облусу — 25;
- Жалал-Абад облусу — 17;
- Баткен облусу — 22.
Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандар 73 513кө жетти.
Акыркы суткада оорудан сакайып чыккандар (пневмонияны эсепке алганда):
- Бишкек — 113;
- Ош шаары — 7;
- Чүй облусу — 100;
- Ош облусу — 56;
- Талас облусу — 18;
- Нарын облусу — 7;
- Ысык-Көл облусу — 64;
- Жалал-Абад облусу — 66;
- Баткен облусу — 47.
Жугуштуу ооруну жеңгендердин жалпы саны 65 189га жетти.