Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүУнаадагы кар. Архив
Унаадагы кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы ыктымал. Зымдарга жана бактарга суу кар жабышып, жолдор тайгак жана тоңголок болот.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. 29-ноябрь, жекшембиде, күндүз Чүй, Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда кар жаайт. Республиканын башка аймактарында жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы айрым жерлерде секундасына 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет кабарлады.

Абанын температурасы Чүй, Талас жана Нарын өрөөндөрүндө -3...-8 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткенде -3...+2, Ысык-Көл облусунда 0...-5 градус суук болот.

Ош шаарында күн ачык болуп -1...+1 градуска чейин жылуу болсо, Бишкекте мезгил-мезгили менен кар жаап, -3...-5 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0