Исаков Каныбек Абдуваситович — өмүр баяны

© Фото / Facebook / Каныбек ИсаковРектор ОшГУ Каныбек Исаков
Ректор ОшГУ Каныбек Исаков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каныбек Исаков 1969-жылы 4-июнда Ош облусунун Ноокат районундагы Жаңы-Ноокат айылында дүйнөгө келген.

Билими:

1987 — Ош мамлекеттик университетине кыргыз тили жана адабияты адистиги боюнча тапшырган;

1988 – 1990 — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1990 – 1993 — Ош мамлекеттик университетинде окуусун улантып, кызыл диплом менен аяктаган;

Эмгек жолу:

1986 — Бел-Өрүк колхозунда жумушчу;

1993 – 1997 — ОшМУнун кыргыз филологиясы факультетинде мугалим;

1995 — "Нур" гезитинин башкы редактору;

1997 – 1998 — Кыргыз филологиясы факультетинин деканынын орун басары;

1998 — ОшМУнун ректорунун тарбия иштери боюнча жардамчысы;

1999 — ага окутуучу;

2000 – 2005 — ОшМУнун коомдук тарбия иштери боюнча проректору;

2005 – 2006 — ОшМУнун мамлекеттик тил иштери боюнча проректору;

2006 – 2011 — Ош мамлекеттик гуманитардык институтунун ректору;

2011 – 2019 — ОшМУнун ректору;

2019-2020 — КРдин билим берүү жана илим министри.

Исаков 2011-жылы докторлук диссертациясын жактаган. Учурда филология илимдеринин доктору, профессор. Көп сандаган монографиялардын, илимий иштердин жана публицистикалык макалалардын автору.

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0