БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын ичинен 3 322 бейтап ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Статистикага таянсак, стационарда дарыланып жаткандардын ичинен 1 104 бейтаптын абалы оор жана өтө оор деп бааланууда.
Ооруканада жаткандардын абалы:
- 54ү — канааттандырарлык абалда;
- 2 164ү — орточо оор абалда;
- 954ү — оор абалда;
- 150сү — өтө оор абалда.
Үчөө Баткенден. Өткөн суткада коронавирустан беш адам каза тапты
Акыркы маалыматтар боюнча, бүгүнкү күнү 3 874 бейтап медициналык жардамды үйлөрүнөн алып жатышат.