https://sputnik.kg/20201112/koono-sozdordun-chechmelenish-1050402132.html
Талантбеков: "сыргак" деген сөздүн бир нече мааниси бар
Талантбеков: "сыргак" деген сөздүн бир нече мааниси бар
Sputnik Кыргызстан
"Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков кыргыз тили БУУнун жакынкы элүү жылда жоголуп кете турган тилдеринин тизмесине кире турганын... 12.11.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-11-12T14:32+0600
2020-11-12T14:32+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050403732_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_e2d1f88ddd120ec95c002d6ac13acbf9.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0c/1050403732_118:0:2847:2047_1920x0_80_0_0_9e18327529c664199c66c1043d8079c5.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
коом, маданият, нурбек талантбеков
коом, маданият, нурбек талантбеков
Талантбеков: "сыргак" деген сөздүн бир нече мааниси бар
14:32 12.11.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) "Көйкашка" коомдук бирикмесинин мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков кыргыз тили БУУнун жакынкы элүү жылда жоголуп кете турган тилдеринин тизмесине кире турганын айтты.
"Сыргак" дегенди көпчүлүк энчилүү ысым катары кабылдашы мүмкүн. А бирок анын бир нече мааниси бар. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында маалымдады.
Анын айтымында, тилди дене сыяктуу эле тез-тез азыктандырып туруу керек.
Талантбеков: "Манаста" кадимки факелдер колдонулган, аталышы — "шамала"
"Сыргак" дегенде көптөр адамдын ысымы катары кабылдашы мүмкүн. Бул сөздүн башка бир нече мааниси бар. Алсак, "Манас" эпосунда чоролордун бири Сыргактын ысымы башкача болгон. "Сыргак" деген куш бар. Ал — чапчаң, шамдагай, өзгөчө кыраан куштардын бири. Анын сыны, мүнөзү сыпатына окшоп тургандыктан Манастын чоросун Сыргак деп коюшкан. Ошондой эле "сыргак" деп тоодогу сыдырым желди айтат. Аталган сөздүн дагы бир мааниси сак, шырп алдырбаган, сергек дегенди билдирет. Анан дагы бул сөздү энчилүү ат катары балдарга коюшат", — деди Талантбеков.
Манасчы тилди жайылтуу ар бир кыргыз жаранынын милдети экенин кошумчалады.