Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

© Sputnik / Сергей Мальгавко / Медиабанкка өтүүОсень в Крыму
Осень в Крыму - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
9-ноябрда түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. 9-ноябрь, дүйшөмбүдө, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Кар жаап, күн сууктайт. Бир жумага карата аба ырайы

Абанын температурасы Чүй облусунда +4...+9, Таласта +3...+8, Ош, Жалал-Абад жана Баткенде +8...+13 гардус, ал эми Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +7...+12 градус болору айтылды.

Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +4...+9 градуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +11...+13 градусту көрсөтүп турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0