Садыр Жапаров президенттик милдетин качан тапшырышы керек? Юристтердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековУчурда мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров. Архив
Учурда мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого катышуу үчүн ыйгарым укуктарын кайсы убакытка чейин тапшырып бериши керектигин билип көрдү.

Учурда мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоого катыша турганын Кочкорго барган иш сапары учурунда жар салган.

Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт. Андыктан ал ага чейин ыйгарым укуктарын өткөрүп бериши шарт.

Бирок Жапаров ыйгарым укуктарын декабрь айында гана өткөрүп бере турганын билдирген. Анысы Баш мыйзамдагы нормаларга туура келеби?

Sputnik Кыргызстан агенттиги юрист, депутаттардын пикирин угуп көрдү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиевдин айтымында, Жапаров 15-ноябрга чейин катардагы талапкерлер сыяктуу БШКга арызын тапшырышы керек. Эгер бир эле күн кеч калса, ал талапкер катары каттоого алынбайт.

© Sputnik / Табылды КадырбековБорбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев
Садыр Жапаров президенттик милдетин качан тапшырышы керек? Юристтердин пикири - Sputnik Кыргызстан
Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү, юрист Кайрат Осмоналиев
"Садыр Жапаров президенттик шайлоого катыша турган болсо, 15-ноябрга чейин президенттик ыйгарым укуктарын бирөөгө тапшырып берип, БШКга арызын жазышы зарыл. Эмне үчүн бул датаны айтып жатабыз. Себеби 15-ноябрь — талапкерлердин арыздарын кабыл алуунун акыркы күнү. Андан кийин каттоо башталат. Эгер бул убакытка чейин мамлекет башчынын милдетин аткарып жаткан адам арызын жазбаса, анда биз аны талапкер катары каттоодон өткөрө албайбыз. Мыйзам ага жол бербейт", — деди Осмоналиев.

Жапаров президенттиктен кетсе мамлекет башчынын милдетин ким аткарат

Юрист Жапаров өкмөт башчынын ыйгарым укуктарын орун басарларына убактылуу таштап турса болорун, ага мыйзам жол берерин кошумчалады. Бирок президенттин ыйгарым укугун антип убактылуу тапшыра албайт.

"Премьер-министрдин ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарларына тапшырып турса болот. Кокус, президенттик шайлоодон өтпөй калса, анда шайлоодон кийин кайра келип премьер-министрдин милдетин аткара берет. Буга мыйзам жол берет. Парламенттик шайлоодо деле айрым министрлер ошондой кылышты. Бирок президенттин ыйгарым укугун антип убактылуу тапшыра албайт. Мыйзам боюнча баарын спикерге өткөрүп берип шайлоого аттанышы шарт", — деди юрист.

Ал ошондой эле 15-ноябрдан кийин талапкерлерди каттоо процедурасы башталып, ал бир айга, тагыраагы, 15-декабрга чейин улана турганын кошумчалады. Юрист Жапаров арыз тапшырган учурда президенттин милдетин аткарып, кызматта болбошу керектигин эскертти.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Жапаров мыйзамда жазылган норма менен иштеши керек деп эсептейт.

© Sputnik / Асель СыдыковаЖогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
Садыр Жапаров президенттик милдетин качан тапшырышы керек? Юристтердин пикири - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев
"Жапаров ыйгарым укуктарын "декабрда же ноябрда тапшырам" дебей, мыйзамда жазылган норма менен иштеши керек. Шайлоого президенттин милдеттерин өткөрүп берип туруп аттанса, анда туура. Эгер БШКга арызын жазып, каттоодон өтүп коюп, бирок ыйгарым укуктарын тапшырбай иштеп жүрө берсе, анда Баш мыйзамда жазылган норманы одоно бузган болуп саналат", — деди эл өкүлү.

Бекешев Конституция боюнча талапкер президенттин милдетин аткаруучу болуп эсептелбей турганын белгиледи.

Жапаров: президенттик шайлоодо эң биринчи админресурс менен күрөшөм

БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев Жапаров президенттик шайлоого катыша турганын сөз менен гана кабарлагандыгын, расмий түрдө арызын жаза электигин белгиледи.

© Sputnik / Табылды КадырбековБШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев
Садыр Жапаров президенттик милдетин качан тапшырышы керек? Юристтердин пикири - Sputnik Кыргызстан
БШКнын мурдагы төрагасы Акылбек Сариев
"Эгер чындап эле шайлоого катышуу ою болсо анда, албетте, каттоого чейин биринчи ирет милдеттерин бирөөгө өткөрүп бериши шарт. Баш мыйзамда ошондой жазылган. Шайлоого ал өзүн-өзү сунуштайт же партиянын көрсөтмөсү менен бара алат. Азыр оозеки айтып жатканы менен, балким, барбай калышы мүмкүн. "Мамлекет башчынын милдетин аткарган адам президенттик шайлоого катыша албайт" деген Конституциядагы норма Жапаров арызын расмий түрдө жазгандан кийин иштей баштайт", — деди Сариев.

Эске салсак, президенттик шайлоо Кыргызстанда 10-январга дайындалды. Акыркы маалыматтар боюнча, шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына азырынча төрт адам арыз берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0