Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат

© Sputnik / Алексей Майшев / Медиабанкка өтүүВнеочередное заседание парламента Киргизии
Внеочередное заседание парламента Киргизии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Садыр Жапаров шайлоого катышуу үчүн отставкага кете турган болсо, премьер-министр менен президенттин милдетин ким аткара турганына Sputnik саресеп салып көрдү.

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Кочкор районуна жасаган сапарынын учурунда кийинки жылдын башында өтчү президенттик шайлоого талапкер катары катыша турганын билдирди. Айтымында, ал ыйгарым укуктарын декабрда өткөрүп бермекчи. Эскерте кетсек, Конституция боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан адам шайлоого бара албайт.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Жапаров отставкага кеткенден кийин өлкөнү ким башкара турганына кызыгып көрдү. Конституцияны кайра окуп чыгып, юристтер менен сүйлөштүк.

Парламенттик шайлоо жылса өлкөдөгү абал кандай өзгөрөт? Юристтердин пикири

Мыйзам эмне дейт

Баш мыйзамга ылайык, эгер президент мөөнөтүнөн эрте кызматынан кетсе, жаңы өлкө башчы шайлангыча анын милдетин Жогорку Кеңештин төрагасы аткарат. Эгер буга да мүмкүн болбосо, президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге же анын милдетин аткарып жаткан адамга өтөт.

"КР өкмөтү тууралуу" мыйзамда эгерде премьер-министр жок болсо, анын милдетин биринчи вице-премьер аткара турганы жазылган.

Белгилей кетсек, премьер отставкага кеткенде өкмөт толугу менен кеткен болуп эсептелет. Ошол эле убакта өкмөт мүчөлөрү милдеттерин аткара беришет.

Нурлан Садыков, Конституциялык саясат институтунун директору

Нурлан Садыков эгер президенттин милдетин аткаруучу кызматынан кетүүнү чечсе, Жогорку Кеңеш төрага тууралуу маселеге кайтышы керек деп эсептейт. Анын айтымында, өлкө башчынын милдетин аткаруудан баш тарткандан кийин спикер отставкага кетиши керек болчу.

"Президенттин милдетин ЖК төрагасы аткарышы керек. Эгер ал баш тартса, парламент өлкө башчынын милдетин аткара турган жаңы спикер шайлашы шарт", — деди Садыков.

Президент болом дегендер документтерин БШКга качан тапшырары такталды

Дастан Бекешев, ЖК депутаты

© Sputnik / Асель СыдыковаЖК депутаты Дастан Бекешев
Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат - Sputnik Кыргызстан
ЖК депутаты Дастан Бекешев

Дастан Бекешев окуя укуктук талаадан чыкпаган эки нукта өнүгөт дейт. Депутат биринчисин төрага менен байланыштырды.

"Парламенттин спикери каалаган убакта арызын артка чакыртып, президенттин милдетин аткаруучу боло алат", — деди ал.

Экинчи учурда президент менен премьер-министрдин укуктары биринчи вице-премьерге өтө турган кызматтык чынжырча ишке ашары боолголонду.

Кайрат Осмоналиев, БШК мүчөсү, КР эмгек сиңирген юрист

© Фото / Азиз ПиримкуловБШК мүчөсү, КР эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев
Жапаров президенттиктен кетсе өлкө башчынын милдетин ким аткарат - Sputnik Кыргызстан
БШК мүчөсү, КР эмгек сиңирген юрист Кайрат Осмоналиев

Кайрат Осмоналиев Кыргызстанда ушу тапта стандартка төп келбеген көрүнүш жаралганын белгиледи. Ал мыйзам алкагында ишке ашышы мүмкүн деген дагы бир учурга көңүл бурду. 

"Мыйзамда президенттин милдетин аткарып жаткан адам кызматтан кеткенде эмне болору так жазылган эмес. Бирок Конституцияда ага чейинки аракеттердин регламенти каралган. Демек, ошол эле нукта артка кеткен схема иштей алат", — деди юрист.

Ал мыйзам боюнча президенттин милдетин аткаруу ЖК төрагасына жүктөлөрүн эске салды.

"Спикер президенттик шайлоого катышуу үчүн кызматынан кетиши мүмкүн. Анда өлкө башчынын милдетин аткарууга вице-премьерлердин бири талапкер боло алат", — деди Осмоналиев.

БШК парламенттик шайлоону өткөрүүгө тыюу салган соттун чечимине даттанат

Юрист мыйзам боюнча премьердин отставкасынан кийин анын милдети биринчи вице-премьерге жүктөлөрүн кошумчалады. Ал эми президенттин милдетин биринчи вице-премьер артына алар-албасы чоң маселе. Бирок Осмоналиев бул учурду да көз жаздымда калтырбаш керек деп эсептейт.

Белгилей кетсек, ушу тапта Жогорку Кеңеш төрагалыгын Канат Исаев, ал эми биринчи вице-премьерликти Артем Новиков аркалоодо.

Жаңылыктар түрмөгү
0