https://sputnik.kg/20201103/manas-ajtuu-ginnes-kitep-1050296546.html
Дөөлөт Сыдыков тынбай манас айтып Гиннеске кирүүгө ниеттенип жатат
Дөөлөт Сыдыков тынбай манас айтып Гиннеске кирүүгө ниеттенип жатат
Sputnik Кыргызстан
Сыдыков манасты тыным албай, тамактанбай, ордунан жылбай айтарын белгиледи. Иш-чара 12-ноябрь күнү 9:00дө башталат. 03.11.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-11-03T09:05+0600
2020-11-03T09:05+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/102062/21/1020622122_0:0:5126:2884_1920x0_80_0_0_7a7fd57adcc527f04fd9cc571aade0d5.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102062/21/1020622122_563:0:5126:3422_1920x0_80_0_0_600770fb5665948249e0937b51ec431b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, дөөлөт сыдыков
жаңылыктар, кыргызстан, маданият, дөөлөт сыдыков
Дөөлөт Сыдыков тынбай манас айтып Гиннеске кирүүгө ниеттенип жатат
09:05 03.11.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Сыдыков манасты тыным албай, тамактанбай, ордунан жылбай айтарын белгиледи. Иш-чара 12-ноябрь күнү 9:00дө башталат.
БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Ала-Тоо" аянтында тынбай манас айтып Гиннестин рекорддор китебине кирүүнү көздөөдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине манасчы өзү билдирди.
Анын айтымында, иш-чара 12-ноябрь күнү саат 9:00дө башталат.
"Муну менен элди ынтымакка, биримдикке чакыргыбыз келди. Ошондой эле негизги максатыбыз — Гиннестин рекорддор китебине кирүү. Буга чейин манасты 12-13 саат тынбай айтып жүргөм. Мында дагы демдин жетишинче, алдын келишинче узак убакытка чейин айтканга аракет кылам. Бул иш-чаранын өзгөчөлүгү манасты эс албай, тамактанбай, ордумдан жылбай айтам. Ошонусу менен рекорддор китебине катталат", — деди Сыдыков.
"Манас" эпосунун казак тилиндеги жаңы котормосу чыкты. Өзгөчөлүгү
Ал каалоочулардын бардыгы аянтка келип манас укса болорун айтты. Ошондой эле өлкөдө буга чейин мындай иш-чара болбогонун белгиледи.