https://sputnik.kg/20260107/1099028607.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кенешке «Кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, «аффилирленген адам»... 07.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-07T08:59+0600
2026-01-07T08:59+0600
2026-01-07T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/01/07/1099028440_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bad2335f6fad31e346714b38de7f9088.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кенешке «Кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, «аффилирленген адам» түшүнүгү кеңейтилип, чечим кабыл алууга түз же кыйыр таасир эте турган адамдар — компаниялардын акциясына ээлик кылган, каржылык көз карандылыкта турган, тууган же багылган адамдар — камтылат. Мыйзамдын аткарылышын координациялап, көзөмөлдөй турган органдар Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Жеке кызыкчылык декларацияларын текшерүү кадрларды башкаруу кызматтары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт. Жаңы редакцияда туура эмес маалымат бергендер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат, ал эми кызыкчылыктардын кагылышын аныктаган жетекчи чара көрбөсө кызматтан алынат. Мыйзам талаптарын бузуу менен алынган киреше жана мүлк мамлекетке келтирилген зыян деп эсептелет жана анын толук кайтарылышы милдеттендирилет.
Канттын дээрлик бардыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон Анын ичинен 24,2 миң тоннасы Россиядан, ал эми 300 тоннага жакыны Казакстан менен Беларустан алынган. Мындан тышкары, Азербайжандан (538 тонна), ошондой эле Иран, Польша, Корея, Түркия жана Тайвандан чакан көлөмдө импорттолгон.
Учурда Чүй облусунда эс алуучуларды кабыл алган активдүү лыжа базалары — «Чункурчак», «Орловка», «ЗиЛ», «Нооруз», «Кашка-Суу», «Тоо-Ашуу», «Суусамыр» жана «Таатыр» иштеп жатат . Облус милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, жол эрежелерин сактоо жана кылмыштарды алдын алуу максатында 200дөн ашык ички иштер кызматкери тартылган . «Лыжа тебүү спорт же эс алуу катары кооптуу болушу ыктымал. Жаракаттарды сүйүүчүлөр гана эмес, профессионалдар да алышы мүмкүн. Коопсуздук эрежелерин сактабаган учурда эс алуу кырсык менен бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан эс алуучуларга өз коопсуздугун жана жакындарын коргоо сунушталат», — деп айтылат маалыматта.
Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата республикалык айтыш өтөт Тандоо туру 15-январда, ал эми финалдык бөлүгү Улуттук филармонияда 17-январда өтөт. Башталыш убактысы 18:00. Байге фонду 2 млн сом.
Россия бийлиги үй-бүлөлүк чырларды сотко чейинки жол менен медиация аркылуу жөнгө салууну милдеттүү кылуу боюнча сунуштарды даярдап жатат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам демилгеси үй-бүлөлүк чыр боюнча ишти медиация жүрүп жаткан убакта токтотууга, ошондой эле балдар катышкан талаштарды алдын ала медиатор менен жолугушууну милдеттүү кылууга багытталат. Мындан тышкары, федералдык бийлик медиацияны жөнгө салуу, маалымат берүү жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу органды аныктайт. Медиаторлордун, анын ичинде үй-бүлөлүк талаштарды жөнгө салуучу бирдиктүү реестр түзүлөт. Ишке ашыруунун мөөнөтү — 2026–2027-жылдар.
Жогорку Кенешке «Кызыкчылыктардын кагылышы тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору сунушталды. Долбоорго ылайык, «аффилирленген адам» түшүнүгү кеңейтилип, чечим кабыл алууга түз же кыйыр таасир эте турган адамдар — компаниялардын акциясына ээлик кылган, каржылык көз карандылыкта турган, тууган же багылган адамдар — камтылат. Мыйзамдын аткарылышын координациялап, көзөмөлдөй турган органдар Министрлер кабинети тарабынан аныкталат. Жеке кызыкчылык декларацияларын текшерүү кадрларды башкаруу кызматтары жана жергиликтүү бийлик органдары тарабынан жүргүзүлөт. Жаңы редакцияда туура эмес маалымат бергендер дисциплинардык жоопкерчиликке тартылат, ал эми кызыкчылыктардын кагылышын аныктаган жетекчи чара көрбөсө кызматтан алынат. Мыйзам талаптарын бузуу менен алынган киреше жана мүлк мамлекетке келтирилген зыян деп эсептелет жана анын толук кайтарылышы милдеттендирилет. Канттын дээрлик бардыгы ЕАЭБ өлкөлөрүнөн импорттолгон Анын ичинен 24,2 миң тоннасы Россиядан, ал эми 300 тоннага жакыны Казакстан менен Беларустан алынган. Мындан тышкары, Азербайжандан (538 тонна), ошондой эле Иран, Польша, Корея, Түркия жана Тайвандан чакан көлөмдө импорттолгон. Учурда Чүй облусунда эс алуучуларды кабыл алган активдүү лыжа базалары — «Чункурчак», «Орловка», «ЗиЛ», «Нооруз», «Кашка-Суу», «Тоо-Ашуу», «Суусамыр» жана «Таатыр» иштеп жатат . Облус милициясынын басма сөз кызматы кабарлагандай, эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо, жол эрежелерин сактоо жана кылмыштарды алдын алуу максатында 200дөн ашык ички иштер кызматкери тартылган . «Лыжа тебүү спорт же эс алуу катары кооптуу болушу ыктымал. Жаракаттарды сүйүүчүлөр гана эмес, профессионалдар да алышы мүмкүн. Коопсуздук эрежелерин сактабаган учурда эс алуу кырсык менен бүтүшү мүмкүн. Ошондуктан эс алуучуларга өз коопсуздугун жана жакындарын коргоо сунушталат», — деп айтылат маалыматта. Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата республикалык айтыш өтөт Тандоо туру 15-январда, ал эми финалдык бөлүгү Улуттук филармонияда 17-январда өтөт. Башталыш убактысы 18:00. Байге фонду 2 млн сом.Россия бийлиги үй-бүлөлүк чырларды сотко чейинки жол менен медиация аркылуу жөнгө салууну милдеттүү кылуу боюнча сунуштарды даярдап жатат. Бул тууралуу ТАСС кабарлады. Маалыматка ылайык, мыйзам демилгеси үй-бүлөлүк чыр боюнча ишти медиация жүрүп жаткан убакта токтотууга, ошондой эле балдар катышкан талаштарды алдын ала медиатор менен жолугушууну милдеттүү кылууга багытталат. Мындан тышкары, федералдык бийлик медиацияны жөнгө салуу, маалымат берүү жана мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн жооптуу органды аныктайт. Медиаторлордун, анын ичинде үй-бүлөлүк талаштарды жөнгө салуучу бирдиктүү реестр түзүлөт. Ишке ашыруунун мөөнөтү — 2026–2027-жылдар.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/07/1099028440_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_510e3efcb79f61afc0bea6b3c26fde01.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио