00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:55
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
On air
15:55
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Где в Бишкеке спасают животных и почему центру «Зоо Бишкек» нужна поддержка
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Шаабай Азизов — улуу манасчынын өмүр жолу жана мурасы
17:04
27 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Как изменилась экономика Кыргызстана за последние пять лет?
18:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Спортбокс
Хоккей боюнча дүйнө чемпионаты Бишкекте өтөт — U20 командасы чемпиондук үчүн ат салышат
19:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Ранняя помощь и поддержка семей: разговор об аутизме с психиатром из России
20:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
21:04
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Президент Садыр Жапаров өлкөдөгү православ динин кармагандарды Рождество майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди. Ал аталган майрам ырайымдуулук, жакынга болгон сүйүү, боорукерлик жана жакшылыкка ишеним сыяктуу түбөлүктүү руханий баалуулуктардын чагылдырарын белгилеген. Ал кылымдар бою адеп-ахлактык жаңылануунун булагы болуп, адамдардын тынчтыкка, ынтымакка жана өз ара сый-урматка умтулуусун бекемдеп келерин айткан. "Православ ишенимин кармангандар коомубуздагы конфессиялар аралык ынтымакты, руханий байлыкты жана маданий ар түрдүүлүктү сактоого олуттуу салым кошуп келет. Өлкөбүздүн жалпы келечеги үчүн өз ара түшүнүшүү, биримдик жана жаратуучулук идеалдарына берилгендигиңиздерди жогору баалайм", — деген Жапаров. Ошондой эле аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана кубаныч каалап, ар бир үйдө тынчтык, жылуулук жана өз ара колдоо өкүм сүрүшүн тилеген.
Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга Иранга барбай турууну сунуштады Мекеме акыркы күндөрү Ирандын бир катар шаарларында нааразылык акциялары өтүп жатканын айтып, алардан жабыркаган кыргыз жарандары жок экенин билдирген. Иран аймагында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын сактоо, эл көп чогулган жерлерден алыс болуу жана жергиликтүү бийлик органдарынын көрсөтмөлөрүн так аткаруу сунушталган. Өзгөчө кырдаалдар учурунда Тегерандагы элчиликке кайрылуу керек экенин айтышты.
2025-жылы республиканын негизги жетишкендиктеринин бири экспорттук мүмкүнчүлүктөрдүн кеңейиши болду. Айыл чарба жана кайра иштетилген продукциялар дүйнөлүк рынокторго чыгып, экспорттун географиясы улам кеңейүүдө.Кытайга экспорт жигердүү өнүгүп, жүн, кашемир, фасоль, тоок эти жана субпродуктылары, ошондой эле эт жана тери боюнча бир катар протоколдорго кол коюлду. Кургатылган жер-жемиштердин экспорту башталып, 23 тонна кургатылган өрүк Кытайга жөнөтүлдү. Вино, өсүмдүк майы жана жашылчаларды экспорттоого даярдык көрүлүүдө.Улуу Британияга 298 килограмм бал экспорттолсо, Европа Биримдигине бал чыгарууга уруксат алуу иштери уланууда. Сауд Аравиясына 144 жылкы экспорттолуп, мал чарбачылыктын потенциалы жогору экенин көрсөттү.Ошондой эле кайра иштетилген продукциялар Wildberries маркетплейси аркылуу сатылып, санариптик экспорт 2025-жылдын маанилүү багытына айланууда.Экспорттун өсүшү ички өндүрүштү колдоп, ишкерлер үчүн жаңы рынокторду ачып, өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө салым кошууда.
Карылар үйүнөн өрт чыккан окуя боюнча кылмыш иши козголду Биринчи май Райондук ички иштер башкармалыгы өрттүк-техникалык экспертиза дайындалганын билдирди. "Өрт коопсуздугунун эрежелерин бузуу" беренеси боюнча иш козголду. Эске салсак, кечээ Бишкектеги карылар үйүндө өрт чыгып, эки адам каза болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0