00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:00
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Политические итоги года: выборы в ЖК, саммит ОДКБ, решение вопросов границ
10:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Кыргыз менен тажиктин ортосунда согуш болот деген маалыматтар мага алдын ала келген. Бул тууралуу Садыр Жапаров “Президент” даректүү тасмасында билдирди. Анын айтымында, мындай маалымат ага чет мамлекеттерден түшкөн. “Ошондо ошол кездеги коргоо министри Өмүралиев жана Коопсуздук кеңешинин башчысы генерал Мусаев менен жолугуп, силерде ушундай маалымат барбы десем, экөө тең “жок” дешкен”, — деди өлкө башчы. Мамлекет башчы 3-апрелде Баткенде машыгуу өтмөк экенин, сактыкта кордук жок деп техниканын баарын түштүккө жөнөтүү тапшырмасын бергенин билдирди. "Кыргыз-тажик жаңжалы башталганда түнү менен иштеп, эртеси Рахмон менен байланышкам. Сизге барайын, жүзмө-жүз отуруп чечели деп сунуштагам. Ошондо Рахмонго “на поклон” баратасың дегендер чыкты Рахмон менен Душанбеде бир кабинетте 10 саат талашып-тартышып отуруп, бир чечимге келе алган эмеспиз "Байрактар", "Аксүңгүр" дрондорун алдыруу үчүн 1 жылдан ашык убакыт керек экен. Ошондо Түркияга сапар сурадым. Бирок Атамбаев Эрдоганды катуу таарынтып койгон экен, кыргыздар үчүн тарых барагын жаптыртып коюптур. 1 адам үчүн 7 млн кыргызды жерибе деп Эрдоганды жибитип, 1 комплект "Байрактарды" алып келдик 14-сентябрда кайрадан чек ара жаңжалы чыкканда “Байрактар” катуу жардам берди. Күчүбүз теңелип калды. Ал эми 2023-жылы армиябыз алардан эки эсе күчтүү болуп кетти, анткени “Акынжы”, “Аксүңгүрдү” алып келгенбиз. Ошондон кийин тил табышуу жеңил болду Саммиттерде жолугушкан кезде Рахмонго “отуруп сүйлөшөлү” деп сунуштадым. Алгач баш тартты. Анан экинчисинде жибиди. Буга Шавкат Мирзиёевдин эмгеги зор. Ал “чече турган киши келип жатат, кийин дагы эмне болот” деп атып көндүрдү. Ошентип отуруп чек араны чечтик”, — деди өлкө башчы. Жапаров соңунда Тажикстандан кийин Өзбекстан менен да чек ара маселеси ийгиликтүү чечилгенин кошумчалаган.
Бишкектин Абай көчөсүндө жайгашкан карылар үйүндө өрт чыгып, эки адам каза тапты. Бул тууралуу ӨКМ кабарлады. Мындан тышкары, 15 адам эвакуацияланган.Жерине 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, өрт чектөөгө алынган. Учурда аны толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Толук маалымат берүүнү убадалашты.
АКШ Венесуэланын жаңы бийлигинен Россия, Кытай, Иран жана Куба менен кызматташуудан баш тартууну талап кылууда. Бул тууралуу РИА Новости ABC телеканалына шилтеме берип жазды. "Трамптын администрациясы Венесуэланын убактылуу президенти Дельси Родригеске мунай өндүрүүдөн биринчи Ак үйдүн талаптарын аткарышы зарылдыгын эскертти", — деп билдирген телеканал. Алардын айтымында, Венесуэла Америка менен мунай боюнча өзгөчө өнөктөштүккө "моюн сунуп", мунай продукциясын сатууда биринчи Вашингтон менен иштешүүсү зарыл. Ошондой эле АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Каракас эки жуманын ичинде мунайдын запастарын сата албай, акчадан кыйналарын билдирген. Өткөн ишембиде Трамп АКШ Венесуэлага аскердик операциянын алкагында сокку уруп, алардын президенти жана анын жубайы кармалып, өлкөдөн чыгарылганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0