Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты

© Sputnik / Табылды КадырбековАкын, адабиятчы, коомдук ишмер, депутат, КСДПнын мурдагы фракция башчысы жана Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Акын, адабиятчы, коомдук ишмер, депутат, КСДПнын мурдагы фракция башчысы жана Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акын, адабиятчы, коомдук ишмер, депутат, КСДПнын мурдагы фракция башчысы жана Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Чыныбай Турсунбековдун көзү тирүү болгондо бүгүн 60 жашка толмок.

Маркум пневмония илдетине чалдыгып, үстүбүздөгү жылдын 7-июлунда көз жумган. Эскерүү иретинде Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Турсунбеков тууралуу 10 факты сунуштайт.

Тоо койнунда төрөлгөн. Чыныбай Турсунбеков 1960-жылы 15-октябрда Нарын облусуна караштуу Нарын районунун Жан-Булак айылында туулган. Атасы Акун Турсунбеков дыйкан, апасы Умсунай Такырова үй кожойкеси болгон. Ата-энеси 10 баланы тарбиялаган. Турсунбеков үйдүн алтынчы баласы.

Кесиби боюнча журналист. Мектепти бүткөндөн кийин Улуттук университеттин журналистика факультетине тапшырган. Эмгек жолун 1983-жылы "Кыргызстан" басмасынын саясий адабияттар редакциясында редактор, улук редактор болуп иштөө менен баштаган. Кийинчерээк кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү аяктап, өзү аяктаган университетте окутуучу, ага окутуучу, факультеттин деканынын орун басары болуп эмгектенген.

© Фото / пресс-служба ЖКЧыныбай Турсунбеков түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген.
Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген.

Ишкерлиги кантип башталган? 1991-жылы Союз тарагандан кийин Билим берүү министрлигинин өкүлү катары Түркияда иштеп калат. Ортодо министр алмашып, Турсунбековдун ордун башка адам ээлеп, бөтөн жердеги жумушунан кол жууйт. Өзүнүн айтымында, кыйын кырдаалга туш болгондо ишкерлик менен алектенүүнү чечет. Түрк ишкерлеринин арасындагы өнөктөштөрдүн жардамы менен үч жылда ишин жөнгө салып, 1997-жылы үй-бүлөсү менен Кыргызстанга кайтып келген.

Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты

Ун бизнеси кантип негизделген? 1994-жылы түрк батондорун жасаган наабайкананы Бишкекте, Чолпон-Атада биринчи болуп ачкан. Кийинчерээк ун чыгаруучу бизнеске өткөн. Андан сырткары, Кыргызстанга ар кандай товарларды алып келип турган. Борбордо эки кафе ачкан. 1997-жылдан 2010-жылга чейин атасынын атынан коюлган "Акун" ЖАКтын башкы директору болгон, учурунда "Бишкек ун комбинаты" ААКнын башкы директору, "Кереге" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы, Кыргызстан ишкерлер бирикмесинин президенти, Кыргыз-түрк ишкерлер кеңешинин теңтөрагасы болгон.

Ыр жазат, чыгармачыл адам. 5-класстан баштап мугалими Шарапат Ибраеванын таасири менен ыр жаза баштаган. Себиби мугалими чыгармачыл инсан болгон. Биринчи ыры "Таңкы шаар" деген ат менен "Кыргызстан пионери" гезитинде жарык көргөн. Алгачкы ырлар жыйнагы 1985-жылы "Жүрөктөгү жаңырык" деген ат менен басылып чыккан. Ал 1989-жылы Абхазиянын Пицунда шаарында өткөн жаш акындардын Бүткүл союздук 14-фестивалынын лауреаты болуп, ошол эле жылы СССР Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынган.

© Facebook/ Жогорку КенешЧыныбай Турсунбеков чыгармачыл адам эле. Ыр жазып, котормочулук менен да алектенген.
Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков чыгармачыл адам эле. Ыр жазып, котормочулук менен да алектенген.

Бир нече көлөмдүү чыгармаларды которгон. "Манас" эпосу боюнча кыргыз, түрк, англис тилдеринде жарык көргөн көркөм иллюстрациялуу альбомдун түзүүчүсү жана котормочуларынын бири. Орус тилинен Николай Рубцовдун, түрк тилинен Осман Түркайдын айрым ырларын, түрк жазуучусу Нихал Атсыздын "Көк жалдардын өлүмү" романын, ошондой эле "Түрк дүйнөсүнүн адабияты" деген аталыштагы эки томдукту кыргыз тилине которгон.

Саясатка кантип келген? 2007-жылы Алмазбек Атамбаев премьер-министр болуп турган кезде өлкөдө нан тартыш болуп, өкмөт башчысы абалды билүү үчүн бардык ун чыгаруучуларды чогулткан. Ошондо экөө жакындан таанышкан. 2010-жылы Чыныбай Акунович Атамбаевдин сунушу менен өкмөткө чакырылган.

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЧыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен саясатка кадам таштап, Жогорку Кеңештин эки чакырылышына депутат, фракция лидери, парламент төрагасы болгон.
Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков Алмазбек Атамбаевдин сунушу менен саясатка кадам таштап, Жогорку Кеңештин эки чакырылышына депутат, фракция лидери, парламент төрагасы болгон.

Саясий ишмердүүлүгү. Чыныбай Турсунбеков 2010-жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси менен V чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. 2015-жылдын 4-октябрында кайрадан депутат, фракция лидери болгон. 2016-жылдын 27-апрелинде Жогорку Кеңештин төрагасы болуп дайындалган.

Матвиенко Чыныбай Турсунбековдун туугандарына жана ЖК төрагасына көңүл айтты

Жеке жашоосу. Жубайы Нуржан Тентимишова кесиби боюнча орус тилчи мугалим. Учурда ийгиликтүү ишкер. Жубайлар үч баланын ата-энеси. Улуу кызы Айдай "Акун" фирмасынын башкы директору. Экинчи кызы Бегимай "Акун Ысык-Көл" пансионатынын директору, "Капитал" банкынын директорлор кеңешинин мүчөсү. Уулу Эржан студент. Үч баласы тең Борбордук Азиядагы Америка университетинен билим алышкан.

© Фото / из личного архива Чыныбая ТурсунбековаЧыныбай Турсунбеков жубайы Нуржан Тентимишова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн.
Чыныбай Турсунбеков бүгүн 60 жашка толмок. Саясий ишмер тууралуу 10 факты - Sputnik Кыргызстан
Чыныбай Турсунбеков жубайы Нуржан Тентимишова менен эки кыз, бир уулду тарбиялап өстүрүшкөн.

Саясатчынын өмүрүн алган пандемия. Дүйнө элинин үшүн алган коронавирус инфекциясы саясатчы Чыныбай Турсунбековду да кыйгап өткөн жок. Ал быйыл 60 жашка караган курагында Улуттук госпиталдын жандандыруу бөлүмүндө пневмония дартынан улам каза болду. Чыныбай Акуновичтин үй-бүлөсү бир-эки күндө ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, палатага которуларын күтүп жаткан. Бирок 6-июлда саясатчынын абалы кескин начарлап, 7-июлда жарык дүйнө менен кош айтышкан. Сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Жаңылыктар түрмөгү
0