00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
16:04
44 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:13
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Өлкөдө педагог-музыканттар жетишпейт. Кадрлар кантип даярдалууда?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
Аапта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Почему книги важнее экранизаций: мнение Посла Кыргызстана во Франции
18:07
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мэрликти талашкандар жана мародерлор. Өткөн түндөгү 6 окуя

Жазылуу
7-октябрга караган түнү Бишкек жана Ош шаары "уктаган" жок. Бир четинен эки калааны жетектеп калгысы келгендер орун талашса, экинчи жагынан абалдан пайдаланып кафе жана дүкөндөрдү тоногусу келгендер чыкты.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Өтүп кеткен түн дагы окуяларга бай болду. Алар тууралуу кыска-нуска бир материал менен айтып берели.

1. Саат 20.00гө жакын Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду жаңы премьер-министр кылып дайындашты. Ал юридикалык жактан өкмөт башына келе алар-албасын азырынча так айта албайбыз. Баса, мурдагы премьер Кубатбек Боронов ушул эле кечте отставкага кетти.

2. Мындан тышкары, өлкөнүн экинчи адамы, тарыгаагы, парламентке жаңы спикер шайланды. Буга чейинки төрага Дастан Жумабеков отставкага кетип, ордуна "Бир Бол" фракциясынан депутат Мыктыбек Абдылдаев келди.

3. Ал ортодо Ош шаарында дагы көп кызыктар болду. Алгач депутат Дүйшөн Төрөкулов өзүн бул шаардын башчысымын деп жарыялай койду. Бирок бул чечим менен мурдагы мэр Мелис Мырзакматовдун тарапташтары макул болгон жок. Көп өтпөй Мырзакматов өзү Кыргызстанга келип, учактан түшүп жаткан видеосу социалдык тармакка жарыяланды.

4. Саат 23.00гө чукул белгисиз адамдар Финансы полициясынын имаратын басып алууга аракет кылды. Бирок ведомствонун кызматкерлери ага жол берген жок.

5. Борбор калааны башкаргысы келгендер дагы көп экени түндө билинди. Кечээ эртең менен өзүн жаңы мэр катары көрсөтө койгон Жоошбек Коеналиев четтеп, ордуна Координациялык кеңеш убактылуу мэр катары Мирлан Бакетаевди бекитти.

6. Эң жагымсыз көрүнүш Бишкектин көчөлөрүндө болду. Белгисиз топтор дүкөн, кафелерди тоноого аракет кылышты. Мисалы, "Нават" кафесине, Vefa соода борборуна мародерлук кылгысы келгендер болду. Ал тургай "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясын көздөй бет алгандар болду. Бактыга жараша, өз ыктыяры менен чогулган элдик кошуун алардын жолун тороп калышты. Ошондой эле алар шаардын көп жерлеринде тынчтык жана тартипти камсыздап беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0