Премьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди. Сүрөттөр

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди
Премьер-министр Кубатбек Боронов добуш берди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул жылы шайлоо коронавирустук пандемия учурунда өткөрүлүүдө. Боронов шайлоочулар, комиссия мүчөлөрү, байкоочулар жана тартипти камсыздоочу жактар санитардык-эпидемиологиялык жана бет кап режимин толук сактоо керек экенин белгиледи.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов проголосовал на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на избирательном участке № 1105, расположенном в школе гимназии № 62 города Бишкек.
Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди - Sputnik Кыргызстан
1/2
Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди
© Пресс-служба правительства / Алишер АлиевПремьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов проголосовал на выборах депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики на избирательном участке № 1105, расположенном в школе гимназии № 62 города Бишкек.
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады - Sputnik Кыргызстан
2/2
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады
1/2
Премьер-министр Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарындагы № 62 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1105 шайлоо участкасында добуш берди
2/2
Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады

Ал республика боюнча 2 430 шайлоо участкасы ачылганын белгиледи.

"Бул шайлоо тилкелери коронавирус пандемиясын эске алуу менен Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо процессин өткөрүүгө даяр. Шайлоо тынч маанайда өтөт деп ишенем. Өз кезегинде өкмөт ачык, таза жана атаандаш шайлоо өткөрүүгө бардык шарттарды түзүп берүүдө", — деди Боронов.

Премьер-министр эл активдүүлүгүн көрсөтүп шайлоого барып, өлкөнүн келечеги жана өнүгүшү үчүн туура тандоо жасайт деп ишенерин билдирди.

"Бүгүн биз жакынкы беш жылда республиканын саясий күн тартибин аныктоочу партияларды тандайбыз. Өкмөт шайлоочулар добуш берген партиялар менен биргеликте экономиканы өнүктүрүү жана жарандардын бакубаттуулугун жакшыртуу боюнча иш алып барат", — деди ал.

Үстүбүздөгү жылы шайлоо коронавирустук пандемия учурунда өткөрүлүүдө. Боронов шайлоочулар, комиссия мүчөлөрү, байкоочулар жана тартипти камсыздоочу жактар санитардык-эпидемиологиялык жана бет кап режимин толук сактоо керек экенин белгиледи.

Кол шилтеп койбойлу! Президент Сооронбай Жээнбеков добуш берди

Өкмөт башчы шайлоо процесси санарип технологияларын пайдалануу менен өтүп жатканын белгилеп, идентификациялоо биометрикалык маалыматтардын негизинде, ал эми добуштарды эсептөө автоматтык эсептөөчү урналарды пайдалануу менен жүрүп жатканына токтолду.

Өлкө аймагында шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik агенттигинин жүргүзүп жаткан тексттик трансляциясынан көрүп-билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0