Месси менен Роналду Чемпиондор лигасында беттешет

© AFP / JOSEP LAGOЛионель Месси жана Криштиану Роналдунун комбо сүрөту
Лионель Месси жана Криштиану Роналдунун комбо сүрөту - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
УЕФА эки футболчунун командасы бир тайпага түшкөнүн белгилеп, өзүнүн Instagram баракчасына алардын кол кармашып турган сүрөтүн чыгарды.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Швейцариянын Женева шаарында УЕФАнын Чемпиондор лигасы мелдешинин 2020/2021-жылдардагы сезонунун тайпалык этабына чүчү кулак тартылды. Бул тууралуу аталган футболдук уюмдун расмий сайтында айтылат. 

Анын жыйынтыгы менен акыркы 10 жылда мыкты футболчу наамын талашып-тартышып келген Лионель Месси менен Криштиану Роналдунун командалары кезикмей болду.

УЕФА бул учурду белгилеп, өзүнүн Instagram баракчасына эки футболчунун беттеш алдында кол кармашып турган сүрөтүн чыгарды.

 “Роналду менен Месси: кайрадан беттеш! Кимиси жеңет?” деген билдирүү калтырылган. 

Чемпиондор Лигасынын G тайпасында туриндик “Ювентус” (Италия), католондук “Барселона” (Испания), “Динамо Киев” (Украина) жана “Ференцварош” (Венгрия) клубдары күч сынашат.

ПСЖдан келген футболчу франциялыктарга гол киргизип, "Баварияны" чемпион кылды. Видео

Чемпиондор лигасынын быйылкы мелдешинде алгачкы ирет россиялык үч команда ат салышат. Алар: “Зенит” Санкт-Петербург, “Локомотив” Москва жана “Краснодар”.

Калган тайпалар төмөнкүдөй жайгашты:

  • “А” тайпасы: “Бавария” (Германия), “Атлетико Мадрид” (Испания), “Ред Булл Зальцбург” (Австрия), “Локомотив” (Россия).
  • “В” тайпасы: “Реал Мадрид” (Испания), “Шахтёр” (Украина), “Интер” (Италия), “Боруссия” Мёнхенгладбах (Германия).
  • “С” тайпасы: “Порту” (Португалия), “Манчестер Сити” (Англия), “Олимпиакос” (Греция), “Марсель” (Франция).
  • “D” тайпасы: “Ливерпуль” (Англия), “Аякс” (Нидерланды), “Атланта” (Италия), “Мидтъюлланн” (Дания).
  • “Е” тайпасы: “Севилья” (Испания), “Челси” (Англия), “Краснодар” (Россия), «Ренн» (Франция).
  • “F” тайпасы: “Зенит” (Россия), “Боруссия” Дортмунд (Германия), “Лацио” (Италия), “Брюгге” (Бельгия).
  • “Н” тайпасы: “Пари Сен-Жермен” (ПСЖ) (Франция), “Манчестер Юнайтед” (Англия), “РБ Лейпциг” (Германия), “Истанбул Башакшехир” (Түркия).

Чемпиондор лигасынын тайпалык беттештери 20-октябрда башталат.

Өткөн жылы аталган мелдешти Германиянын “Бавария” клубу жеңип алган. Финалда мюнхендик команда Франциянын “ПСЖ” клубун 1:0 эсебинде уткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0