00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Тема дня
20 тысяч отказов от прививок в год: Кыргызстан идёт в обход за коллективным иммунитетом
10:08
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө скутер, мопед айдоо үчүн эми айдоочулук күбөлүк талап кылынабы?
11:04
25 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Дубайда баш байгени жеңип алган кыргызстандык чоң апалардын деми мекендештерин да шыктандырууда
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Бишкек строит: что появится в столице до конца 2025 года
12:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Борбор Азиядагы суу тартыштыгы кантип чечилет — Афганстандагы Кош-Тепе каналынын курулушу кандай таасир берет?
13:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Мир на грани? Кто расшатывает систему глобальной безопасности
14:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке маалыматтар шылуундардан кантип корголот?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«А зори здесь тихие» в Таласе: студенты КРСУ отправились в первые гастроли
16:04
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ден соолукка зыян келтирбөө үчүн жуунганда кандай суу колдонуу керек?
17:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Недвижимость через интернет: как в КР меняют правила регистрации недвижимости
18:06
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
“Сабак” фильми сабак бере алабы?
19:06
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Между строк
Бендер против системы: экономика абсурда в “Золотом телёнке"
20:06
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке маалыматтар шылуундардан кантип корголот?
21:05
50 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Башкы прокуратура Атамбаевдин уулунун билдирүүсүнө жооп берди

© Sputnik / Табылды КадырбековМурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратурадан түшүндүрмө беришип, прокурор тергөөчүгө кылмыш иши боюнча тапшырма бергенде мыйзамды бузган эмес деген жообун айтышты.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Башкы прокуратуранын маалымат кызматы мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кенже уулу Кадырдын билдирүүсүнө берилген жоопту таратты.

Буга чейин Кадыр Атамбаев интернетке видео жүктөгөн. Анда Тарых музейин реконструкциялоодогу коррупция боюнча ишти Башкы прокуратуранын бөлүмдөрүнүн биринин жетекчиси Арстанбек Боромбаев көзөмөлдөгөн, ал президент Сооронбай Жээнбековдун эжесинин уулу деген маалыматты айткан.

Боромбаев УКМКнын тергөөчүсүн иш республиканын жетекчисинин көзөмөлүндө турарын айтып коркуткан деген.

Кадыр Атамбаев Жээнбековдун эжесинин экинчи баласы Рустамбек Боромбаев Түштүк-Батыш бажысынын жетекчисинин орун басары экенин кошумчалап, президентке байланыштуу деп бир нече фамилияны атаган.

Башкы прокуратурадан Жазык-процессуалдык кодекстин 34-беренесинин негизинде прокурор иликтенип жаткан иштердин мыйзамдуу жүрүп жаткандыгын көзөмөлгө алууга укуктуулугун, ишти тергөөчүгө тапшырып, тергөөчүнүн билдирүүсүнө ылайык четке кагууга уруксат берип жана аны өзү да четтетүүгө укугу бар деп билдиришти.

Баш-аягы көрүнбөгөн карыз. Тарых музейинин ачылбай жаткан себептери айтылды

Мындан сырткары, прокурор тергөөчүгө процесстик иш-аракеттерди жүргүзүүгө, ишти иликтөөгө, кылмышты классификациялоого жазуу жүзүндө көрсөтмө берүүгө, белгиленгендерге туура келбесе тергөөчүнүн каршы пикирлерин карап чыгууга укуктуу экенин айтышты.

Аны менен катар эле БПдан прокурордун алгачкы текшерүү органдары менен тергөөгө арызды карап чыгуу боюнча берген тапшырмасы, кылмыш ишти, маалыматтарды иликтөө боюнча билдирүү Жазык-процессуалдык кодексте каралгандыгын билдиришкен. Бул аталган органдардын милдети экендигин кошумчалашкан.

Маалыматта 2018-жылы 26-сентябрда аталган көзөмөл орган тарабынан Тарых музейин реконструкциялоо боюнча кылмыш иши иликтенип чыкканы айтылат. Кодексте талап кылынгандай, иштин жагдайын ар тараптуу толук жана объективдүү иликтөөнү камсыздоо максатында тергөө иштерин жүргүзүү боюнча кат түрүндө тапшырма берилип, УКМКга жөнөтүлгөн.

Тергөөчүнүн прокурор берген көрсөтмөнү аткаруусу Жазык-процессуалдык кодекстин 36-беренесине ылайык келет. Аткарылбаган учурда ал өзүнөн жогорку кызматта турган прокурорго иштин жагдайын кагаз түрүндө түшүндүрүп, кайрылууга укуктуу.

УКМК: Тарых музейин оңдоодогу коррупциялык иштерде Атамбаевдин аты аталууда

Айтылган тапшырма боюнча жогорку кызматтагы прокурорго арыздануу иштин аткарылышын токтотуп калбайт. БПдан бул жаатта УКМКдан нааразылык келип түшпөгөндүгүн айтышты.

Боромбаев жөнүндө башкы көзөмөл органынан ал прокуратурада 1995-жылдан бери иштеп келе жаткандыгын, ар кыл кызматтарда эмгектенип, жетекчи да болгондугун айтышты.

2019-жылдын 30-декабрында өзүнүн арызы менен Башкы прокуратуранын бөлүм жетекчилигинен бошоп, кезектеги кадрлардын катарына калтырылган. БПдан аталган тармакта иштеген мезгилдери прокуратурага өтөгөн кызматы үчүн ведомстволук сыйлыктарга татыган деген маалымат беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0