00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цифровая накладная вместо бумаги: как ЕАЭС меняет правила грузоперевозок
08:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
09:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Вырубки не будет: что «зашито» в загадочных бирках на деревьях бульвара Эркиндик
10:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
«Аарычылыкты өнүктүрүү билимсиз жана илимий изилдөөлөрсүз мүмкүн эмес». Тармактын жетишкендиктери жана келечеги кандай?
11:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Снести нельзя оставить: по каким правилам в Бишкеке убирают самовольные постройки
12:05
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
CASA-1000 долбоору 2028-жылы ишке кирет — кандай иштер жасалды?
13:04
36 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
15:05
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Декларация до 1 мая: кому сдавать, что писать и как не нарваться на штраф
16:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Ушактын таасири: мамилеге дарыбы же коркунучпу?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Административная реформа в КР: политолог — о логике изменений и следующем этапе
18:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Туяк
Ата мурасы — элге кызмат: Жаманбаев тууралуу кызынын баяны
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Фрунзе думал о розе ветров, Бишкек - о прибыли: разговор об агломерации и земле
20:06
54 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Балдардагы паразитардык инфекциялар: белгилери жана дарылоо
21:05
40 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

© Sputnik / Виталий БелоусовУчастница четвертого сезона конкурса "Ты супер!" из КР Карина Амринова
Участница четвертого сезона конкурса Ты супер! из КР Карина Амринова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вокал боюнча эл аралык конкурска Кыргызстандан катышып жаткан кыз – келечектеги программалык инженер, бирок жашоосун сахнасыз элестете албайт.

20-сентябрда НТВ каналында "Ты — супер!" деп аталган вокал боюнча эл аралык конкурс башталат. Ал эл аралык Sputnik агенттиги жана радиосунун колдоосу менен өтмөкчү. Аталган долбоордо Кыргызстандын атынан бишкектик 18 жаштагы Карина Амринова чыгат.

Sputnik кабарчысы Данара Курманова жаш аткаруучу менен сүйлөшүп, чоң сахнага биринчи ирет чыгууга болгон даярдыгы жана жаңы жерге кантип көнүп жатканын сураган.

Эгерде "Ты — супер!" болбосо, вокалды таштамакмын

Конкурска катышууга арызды Карина эжесинин көмөгү менен жөнөткөн. "Бул долбоорду ал аябай жакшы көрөт. Бардыгын көрүп чыккан, бир күнү эле мага "кел, сенин да катышканыңа аракет кылып көрөбүз" деп калды. Ал ушундай жол менен менин жаман абалда болуп жүргөн учурумдан алып чыккысы келди көрүнөт, себеби вокалды такыр эле таштап салайын деген ниетим да болгон", — деп эскерди Карина. 

© Sputnik / Виталий Белоусов"Ты — супер!" деп аталган вокал боюнча эл аралык конкурсунда кыргызстандын атынан бишкектик 18 жаштагы Карина Амринова чыгат
Ты — супер! сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат - Sputnik Кыргызстан
"Ты — супер!" деп аталган вокал боюнча эл аралык конкурсунда кыргызстандын атынан бишкектик 18 жаштагы Карина Амринова чыгат

"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео

Эки жыл мурда биздин маектештин апасы каза болуп, ошондон бери сахнага чыккандын ал үчүн мааниси деле жоктой сезилип калган. Анткен менен Карина Кыргызстандагы көптөгөн вокалдык сынактарга катышып келген эле.

"Ар бир ырым эле апамды эстетип туруп алды. Менин ырдоо талантымды да кезегинде апам байкаган экен. Үч жашымда эле режиссерлорго, музыканттарга алып барып, талантым бар-жок экендигин текшерте баштаптыр. Качан гана ырдоого жөндөмдүүлүгүмө көзү жеткен соң музыкалык мектепке берип, ал жактан фортепиано үйрөнүп, хорго катыша баштагам", — деп айтып берди маектешибиз.

"Ты — супер!" долбооруна көп киши катышып жаткандыгын билген соң Карина да арыз берип, бирок анысын ойлобой деле калган.

"Өтпөйт болушум керек дегем. Бир күнү эле эжем ашканага чуркап кирип, жакшы кабар айтты. Идиш жууп жаткам, эмне дээримди билбей тура бердим", — деп эскерди Карина ошол ирмемдерди.

Аны айтымына караганда, долбоор вокалга болгон мамилесин өзгөрттү.

"Апам жөнүндө ойлобогон күнүм жок, бирок кайраттандым. Эми жаркылдап, жылмайып жүрөм, себеби аткарган ырларымдын баарын апама арнайм", — дейт Карина.

Мирбек Атабеков "Ты супер!" сынагынан катышуучусу Урматтын кыялын орундатат

Чоң сахна жөнүндө кыялдар

Каринанын Россияга барышы да өзүнчө эле бир төлгө сымал болду. Себеби апасы көп жыл Сургутта иштеген. 

© Sputnik / Виталий Белоусов"Ты — супер!" эл аралык конкурсунун төртүнчү сезонунун катышуучулары
Ты — супер! сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат - Sputnik Кыргызстан
"Ты — супер!" эл аралык конкурсунун төртүнчү сезонунун катышуучулары
"Иштеп, акча таап келем деп кеткенде мен үч жашта экенмин. Эмне болуп жатканына акылым деле жеткен эмес, себеби мени дайыма эле эжем карап калчу. Анткен менен апам тез-тез, жылына 5-6 жолу келип турчу. Андан кийин сээлдей баштады... Төрт жыл келбей калган учуру болгон, бирок дайыма сүйлөшүп турчубуз. Көрүшпөсөк деле ал дайыма жанымда болгондой сезимде болчумун", — деп эскерди маектешибиз.

Учурда Карина эне жөнүндө автордук ырын жаздырып даярданууда. Аны менен катар эле университеттеги окуусун калтырбоо аракетинде, себеби тандап алган болочок кесиби да жөнөкөй эмес – программа иштеп чыккан иженер.

Келечектеги инженер бир нерсени ойлоп чыгып, түзгөндү жакшы көрөрүн баяндап берди.

"Чыгармачылыктан сырткары адамдын бир кесиби болушу керек деп эсептейм. Эмне үчүн бул адистикти тандап алдым? Биринчиден, азыр өтө керектүү жана жакшы киреше алып келет. Экинчиден, бир нерсени жаратканды жакшы көрөм, буюрса окуумду бүтүп алсам, сайттарды жасам", — деген кыялы менен бөлүштү.

Канат байлап... "Ты супер!" сынагынын 3-турунун ачылышы болду

Анткен менен азыркы кыялы – ырчы болуу. 

© Sputnik / Виталий БелоусовКаринанын азыркы кыялы – ырчы болуу
Ты — супер! сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат - Sputnik Кыргызстан
Каринанын азыркы кыялы – ырчы болуу

"Мен өзүмдү белгилүү ырчы деп элестетем. Чоң сахнага чыккым келет. Ошондой эле үй-бүлөм чогуу жашаса дейм, аларды Түркияга алып кетүүнү кыялданам, себеби бул өлкөдө дайыма жылуу жана сонун. Андан сырткары, мени жанындай көрүп, камкордугунан жазбай келе жаткан эжем да ошол жакта иштейт", — дейт келечектеги ырчы.

Эң жаманы — үйүңдү сагынганың

Мектешип жаткан учурда Карина бир нече жолу эжеси болгонуна каниет кылганын, эми аны апа деп айтарын кайталады.

"Өзүңдүн бир тууганың эмес, мындайраак тууганың болсо дагы бир боор жакын адамың катары эсептелет. Күйөөсү экөө тең мени кем кылбай, камсыздап турууга аракет кылып келишет. Аларды жана пекинести (кичинекей бойлуу иттин бир түрү) сагындым. Аты Лаки, 13 жашта. Күндө чалып, анын кандай жашап жатканын сурап турам", — деп ички ыраазылык сезимдери менен бөлүштү.

Каринанын айтымында, жаңы жерге тез көнүп кетүүгө конкурстун деми жардам берген. 

© Sputnik / Виталий БелоусовКаринанын айтымында, жаңы жерге тез көнүп кетүүгө конкурстун деми жардам берген
Ты — супер! сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат - Sputnik Кыргызстан
Каринанын айтымында, жаңы жерге тез көнүп кетүүгө конкурстун деми жардам берген

"Баары кичи пейил, боорукер адамдар экен, мындайды күткөн эмесмин. Негизи өзүм атаандашып, айыгышып бир нерсе жасаганга жокмун. Анткен менен бул деген жарыш, башкалар да күчүн сынаганга келди деп ойлодум. Бирок карай келсем, баары ачык, ойлорун жашырып-жаппайт экен. Эми болгону мени байкап калышса экен деп калдым. Жашырганда эмне, өзүмдү телевизордон көргөн мага жагымдуу эле болот", — деп сөзүн аяктады Карина.

"Ты — супер!" долбоорунун эң биринчи сынагына кезегинде Кыргызстандан Урмат Мырсаканов аттуу бала катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0