БИШКЕК, 6-сен. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 178 бейтап айыгып чыкса, 87 киши кайра илдет жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен сакайып чыккандар, пневмонияны эсепке алганда:
- Бишкек – 112
- Ош шаары – 1
- Чүй облусу – 8
- Ош облусу – 2
- Талас облусу – 4
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 14
- Жалал-Абад облусу – 25
- Баткен облусу – 11
Коронавирустан көз жумган 18 медиктин жакындарына 1 млн. сомдон берилди
Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган жаңы учурлар:
- Бишкек - 16
- Ош – 2
- Чүй облусу – 10
- Ош облусу - 11
- Талас облусу - 4
- Нарын облусу – 1
- Ысык-Көл облусу – 7
- Жалал-Абад облусу – 16
- Баткен облусу - 20
Ушуну менен жалпысынан өлкөдө коронавирус 44 403 адамдан табылды.
Учурда өлкөдө стационарда 589, ал эми амбулатордук дарыланууда 3 568 бейтап бар.