Ош облусуна жаңы жетекчи дайындалды. Эртең жамаатка тааныштырылат

© Фото / Бекмамат АйдаркуловӨкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Байыш Юсупов. Архив
Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп дайындалган Байыш Юсупов. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу Юсупов аткарып жаткан.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү болуп Байыш Юсупов дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Юсупов эмгек жамаатына расмий түрдө эртең, 17-августта, тааныштырылары айтылды.

Ал буга чейин өкмөттүн Ош облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеп келген. Ушул жылдын 10-августунан баштап облустун мурдагы башчысы Узарбек Жылкыбаев кызматынан кеткенден кийин анын милдетин убактылуу аткарып жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0