Акын, драматург Жусуп Турусбеков 1910-жылы Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Көк-Сай айылында дүйнөгө келген.
Балалыгы 1916-жылдагы Үркүнгө туш келип, ата-энеси менен кошо Үч-Турпанга чейин барып, жаш кези жокчулукта, кийинчерээк ага кошул-ташыл жетимчиликте өтүп, туугандарынын колунда өскөн.
Кыргыз жазма адабиятынын баштоочуларынын биринин чыгармаларын барактап, нускалуу кептерин чогулттук.
11 жаштагы Жусупту таякеси Чортонбай 1921-жылы Каракол шаарындагы балдар интернатына тапшырып, кийин ал интернат Айыл чарба техникумуна айланганда да болочок акын ошол жерде билим алган.
18 жашында Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарына келип, "Эркин-Тоо" гезитинин редакциясында иштеп, жаш акындын адабиятка кызыгуусу, чыгармачыл аракети башталып, гезит беттерине айрым ырлары жарыяланган. 1929-1930-жылдары Тверь шаарына комсомолдун мүчөсү катары жолдомо менен барып окуган.
Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт
Кийинки жылдары "Кызыл Кыргызстан", "Ленинчил жаш" газиттеринде, Кыргызстан мамлекеттик басмасында редактор, Жазуучулар союзунун кеңешчиси, Кыргыз мамлекеттик драма театрында директор болуп эмгектенип, чыгармачылыгын да уланткан.
Биринчи ырлар жыйнагы 1932-жылы "Жусуптун ырлары" деген аталышта жарык көрүп, 24 жашында СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгонго жетишкен. Андан соң "Шайыр жаштар" жыйнагы (1933), "Ажал ордуна" драмасы (1935), "Тандалган ырлар" жыйнагы (1935) "Беш-Мойноктогу окуя" драмасы (1937), "Мекен" (1938) ырлар жыйнактары, "Каракчынын трагедиясы" (1941) аттуу поэмасы окурмандарга сунушталган.
Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.
Андан сырткары, ал кыргыздын алгачкы операларынын бири "Айчүрөк" либреттосунун да автору, Пушкиндин "Таш коногун", Гейненин жана башкалардын ырларын кыргызчага которгон.
Улуу Ата Мекендик согуш башталганда акын өз ыктыяры менен согушка кетип, 1943-жылы Калинин облусунда кармашта курман болгон.
***
Ит үйүр болсо жолборско үрөт.
***
Ырларым — ок, керек болсо атамын,
Газга каршы газ даярдап жатамын.
***
Турмуштун миң тетигин бирден бурап,
Жүзүңдө күрөш оту балкып турат.
Көргөндө бул өңдөнгөн белгилерди,
Күрдөөлдүү кошулбасын кайдан кубат.
***
Кыргызды жан алгычтар далай эзген,
Заарлуу тил, ажал огу көкөй кескен.
Элдиктен чыга жаздап калган кезек,
Бат эле чыга коет кантип эстен!
***
Каргыштан корккон оңобу,
Коркунчак баатыр болобу?
***
Жойпу түлкү, бал тилге салат.
***
Эне!.. Эне чиркин баланы куса кылып, ырайымдуу жоруктары менен өзүнө тартат го. Эне менен баланын ортосундагы жакынчылыктай жакынчылык болот болду бекен?.. Болсо болор, бирок артык эместир.
***
Кулуке. Биттейинде бириксем, тирүү болсок бир дөбөдө, өлсөк бир чуңкурда бололук деп бардык кыйынчылыкты башыбыздан бир өткөрүп келсек, эми балтыры көтөрүлгөндөн кийин мени ушинтип ит кылабы... Ушинтип көргөн күнүң кара жерге кирсин. ("Беш-Мойноктогу окуя" чыгармасынан)
***
Энекебай, кайратымдан жазбадым,
Мен - мурунку мен эмесмин, башкамын.
Тентек жана таарынчаактык мүнөздөр,
Жаман экен, ишен, эне, таштадым.