БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада коронавирустан 1 091 киши айыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, бир суткада сакайгандардын көбү Бишкек шаары менен Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарында.
- Бишкек — 329;
- Чүй облусу — 84;
- Ош облусу—85;
- Талас облусу — 48;
- Нарын облусу — 67;
- Ысык-Көл облусу — 137;
- Жалал-Абад облусу —195;
- Баткен облусу —70;
- Ош шаары — 76.
Өлкөдө ушуну менен коронавирустан сакайгандардын саны 22 296 адамга жетти.