Хабиб менен Гэтжинин беттеши кайсы күнү болору айтылды

© Sputnik / Нина Зотина / Медиабанкка өтүүРоссиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив
Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Хабиб менен Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук куру үчүн таймаш кайсыл жерде өтөрү айтыла элек.

БИШКЕК, 28-июл. — Sputnik. Россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовдун UFC уюмундагы чемпиондук наамды коргоо үчүн Жастин Гэтжи менен беттеши 24-октябрга белгиленди. Бул тууралуу аталган уюмдун башчысы Дана Уайт CNN маалымат булагына билдиргенин РИА Новости жазды.

Америкалык Жастин Гэтжи 9-майда Жексонвилле шаарында (АКШ) мекендеши Тони Фергюсонду мөөнөтүнөн мурда нокаут менен утуп, UFC уюмунун жеңил салмактагы убактылуу чемпиону болгон.

"Хабиб менен Гэтжинин беттеши 24-октябрда өтөт. Хабиб акыркы маалда оор тагдырды башынан кечирип жатат. Ал эң жакын болгон атасын жоготту", - дейт Уайт.

Акыркысыбы? UFC Хабибдин каалаган беттешин уюштурууга даяр экенин айтты

Деген менен UFC башчысы таймаш кайсыл жерде өтөрүн ачыктаган жок. Буга чейин эки мушкер сентябрь айында Абу-Дабиде кезигери айтылган.

31 жаштагы Жастин Гэтжи аралаш мушташ спортунда 24 беттешке чыгып, 22син утуп, 2 ирет жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын атаандашы Хабиб Нурмагомедов жалпысынан 28 ирет октагонго чыгып, баарында жеңүүчү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0