Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги

© Фото / Болотбекова АсельНарын облусу боюнча ыктыярчы, 20 жаштагы Нурайым Шамшыбекова
Нарын облусу боюнча ыктыярчы, 20 жаштагы Нурайым Шамшыбекова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Нарын облусунда эпидемия маалында активисттер тарабынан ыктыярчылардын башын бириктирген "Биз биргебиз" элдик штабы түзүлгөн.

Аталган штабдын ыктыярчылары пандемия маалында Нарын шаарынын тургундарына жана облустун жашоочулары үчүн бир топ иштерди жасап жатышат. Sputnik Кыргызстан агенттиги Нарын облусу боюнча ыктыярчы, 20 жаштагы Нурайым Шамшыбекова менен чакан маек курду.

— Пандемияда кандайча ыктыярчы болуп калдыңыз?

— Мен 7-класстан бери эле Нарын шаарындагы "Лидер клуб" деген ыктыярчылар тобунда иштечүмүн. Нарын шаарынан мектепти бүтүп, Бишкектеги Юридикалык академияга тапшыргам. Азыр 2-курста окуйм. Карантин башталганда Нарынга келип, үйдө бош болуп калдым. Анан ата-энем вирус жуктуруп ооруп калышты. Ошентип шаардагы абалды көрүп, "Лидер клуб" ыктыярчылар тобунун мүчөлөрүн чогултуп, демөөрчүлөрдү таап, элге жардам берели деген тилекте иштеп баштаганбыз.

© Фото / Болотбекова Асель20 жаштагы Нурайым Шамшыбекова "Биз биргебиз" ыктыярчылар тобунун мүчөлөрү менен биргеликте демөөрчүлөрдү таап, элге жардам берүүдө
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
20 жаштагы Нурайым Шамшыбекова "Биз биргебиз" ыктыярчылар тобунун мүчөлөрү менен биргеликте демөөрчүлөрдү таап, элге жардам берүүдө

— Азыр эмне иштерди жасап жатасыздар?

— Башында өзүбүзчө иштеп жүрдүк. Нарында алгач алты күндүзгү стационар ачылган. Ошол жакта иштеген медиктерди тамак-аш менен камсыздап жаттык. Анан Нарындагы ыктыярчылар, активисттер баары биригип "Биз биргебиз" деген элдик штаб ачып, ага бизди да чакырышкан. Азыр баары жакшы. Көп демөөрчүлөрдөн дары-дармек, каражаттар келди. Муктаждыгына карап бейтаптарга бекер дары-дармек берип жатабыз. Бизде беш кычкылтек концентратору бар. Үйүндө дарыланып жаткандарга дем жетпей калганда, алып барып эки-үч саатка туташтырып сатурациясын көтөрүп беребиз. Мобилдик топтор түзүлгөн эмес. Ага муктаждык жок.

Элди мобилизациялай алдык. Баткендеги ыктыярчылар кантип жардам берүүдө

— Нарын шаарында эпидемиологиялык абал кандай болуп калды?

— Кудайга шүгүр, Нарын шаарынын өзүндө азыр мурункуга караганда абал бир топ жеңилдеди. Рентгенге түшкөндө да кыйынчылык жаралган жок. Негизи шаар боюнча жети стационар ачылган. Алтоо күндүзгү, бирөө түнкү. Учурда киши келбегендиктен бир күндүзгү жана түнкү стационар жабылды. Калган стационарларда күнүнө эң көп дегенде 30дан, айрымдарына 3-4кө чейин бейтап кайрылып турушат. Алардын басымдуу бөлүгү келип ийне, тамчылатма ийне сайдырып кеткендер. Бирок ооруканаларда дагы деле орун жетишсиз. Жалпысынан абал туруктуу, башаламандык жок.

— Аймактардачы?

— Шаарда абал жеңилдеп, эми аймактарды кыдыралы деп жатабыз, бирок байланышта болуп турдук. Мисалга, башка райондордон керектүү дары боюнча бизге кабарлашса, такси аркылуу берип жиберебиз. Эгер бир кутудан көп болсо анда жеткирип барабыз. Кечээ эле Ак-Талаа районуна барып келдик. Ал жакта да акыбал жакшыргандыгын айтышты. Райондун борбору Баетов айылына эки стационар ачылган. Ал стационарларда укол алуу үчүн келген үч-төрттөн эле киши жатканын көрдүк.

— Жумгалда азыр вирус жуктургандар көбөйгөнүн айтып жатышат...

— Байкашымча азыр Ат-Башы, Жумгал, Кочкор районунда оору жуктургандардын саны көбөйгөн окшойт. Анткени дары сурап кайрылгандардын саны арбыды. Ошол себептен райондорду кыдыралы деп жатабыз. Врачтын көрсөтмөсү менен бекер дары-дармек берилет. Анткени айрымдар кошунасы клексан сайдырып сакайып кетсе, ал да ошону сурай берет экен. Арасында оорубаса деле дарыны үйүнө чогулта бергендер кездешүүдө. Ошол себептен облусту бүтүндөй кыдырып, элге жакындан жардам берели деп жатабыз.

© Фото / Болотбекова АсельНурайым Шамшыбекова: Нарын шаарынын өзүндө азыр мурункуга караганда абал бир топ жеңилдеди. Рентгенге түшкөндө да кыйынчылык жаралган жок. Бирок ооруканаларда дагы деле орун жетишсиз.
Ата-энем COVID жуктуруп алган соң ишке кириштим. Нарындык ыктыярчы кыздын маеги - Sputnik Кыргызстан
Нурайым Шамшыбекова: Нарын шаарынын өзүндө азыр мурункуга караганда абал бир топ жеңилдеди. Рентгенге түшкөндө да кыйынчылык жаралган жок. Бирок ооруканаларда дагы деле орун жетишсиз.

— Облуста дары-дармектин тартыштыгы анчалык сезилбептир. Демөөрчүлөрдү каяктан таап жатасыздар?

— Негизинен Нарындагы бардык райондордо дары-дармекке өтө деле таңсыктык байкалбайт. Жетиштүү эле. Бир гана Ат-Башы районунун айылдарынан дары сурагандар көп. Ушул райондо препараттар тартыш болуп жатат. Ал эми демөөрчүлөр негизинен Нарын шаарынын тургундары болууда. Бишкектен да жардам бергендер бар.

Пол жууп болсо да кол кабыш кылып кетчүмүн. Ысык-Көлдөгү ыктыярчылардын мээнети

— Облуста медиктер жетиштүүбү?

— Айрым медиктердин ооруп калгандыгын эске албаганда жалпысынан облуста дарыгерлер жетиштүү. Ыктыярчылар тарабынан медиктерге тамак-аш таратуу уюштурулган. Эл интернет аркылуу врачтын кеңешин онлайн алып туруусу үчүн Тelegram тайпа ачканбыз.

— Эл дагы кооптонуп, коомдук эрежелерди сактап калыштыбы?

— Ооба, эл азыр коронавирустан коркуп калды. Нарын шаарында кадимкидей бет кап тагынып, банкка окшогон коомдук тейлөөчү мекемелерге барганда да аралык сакталууда. Отургучтар бир метр аралыкта коюлуп, кароолдогулар байкап турушат. Тартипти бузгандарга дароо эскертүү берилет. Айылдарда да эл көп чогулган жерлерге бет кап кийип барып калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0