Штаб: дары-дармек баасын көтөргөндөр боюнча 27 иш козголуп, тергелүүдө

Жазылуу
Өкмөт башчы дарыканалардагы бааны текшерүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттикте рейд жүргүзө турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Дары-дармектин баасын негизсиз жогорулаткан айрым фармацевтикалык компания жана дарыканаларга карата сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, учурда бул багытта 27 иш каралып жатат.

Штабдын жыйынында өкмөт башчы дарыканалардагы бааны текшерүү үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик агенттигинде рейд жүргүзө турган жумушчу топ түзүлгөнүн белгиледи.

Вируска каршы дарылар эмнеге Кыргызстандын протоколунда жок? Адистин түшүндүрмөсү

"Аталган кызмат дары саткандарды текшерген учурда айрым фармкомпаниялар менен дарыканалар медициналык каражаттардын баасын негизсиз жогорулаткан, кассалык аппараттарды атайылап иштетпеген учурлар аныкталды. Ал тургай кампаларды тинтүүдө адамдардын өмүрүн сактап кала турган дары-дармектердин катылып турганы маалым болду. Бул боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Мындай фактылар өлкөдө, өзгөчө Бишкек шаарында медициналык каражаттарынын дефицитине алып келип жатат. Ошондуктан тармактык мамлекеттик органдар бул багыттагы жумуштарды күчөткүлө", — деди Боронов.

Премьер-министр бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн дарылоонун сапатын жакшыртуу керектигин белгилеген.

Казакстанга кычкылтек концентратору менен дары ташып бараткандар кармалды

"COVID-19 жуктуруп алгандардын жана өпкөсү сезгенген жарандардын өмүрүн сактап калуу үчүн эксперттер жана жогорку квалификациялуу адистерден консультация алуу иштерин күчөтүү шарт", — деди өкмөт башчы.

Жыйындын соңунда Боронов илдеттин жугушун алдын алуу үчүн санитардык талаптарды аткаруу зарылдыгын айтып, элди медиктердин сунуштарын так аткарууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0