Вируска каршы дарылар эмнеге Кыргызстандын протоколунда жок? Адистин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүПродажа лекарств
Продажа лекарств - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Зурдинова дарылоо протоколуна натыйжа берген жана ден соолукка коркунуч жаратпаган препараттар гана киргизиле турганын белгиледи.

БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы клиникалык фармакологу Аида Зурдинова коронавирус жана пневмонияны дарылоо протоколуна эмне себептен вируска каршы дары-дармектер киргизилбегенин түшүндүрүп берди.

Буга чейин соцтармактын айрым колдонуучулары бул маселени кабыргасынан коюп, нааразычылыктарын айтышкан.

"Мындай дарылар эффективдүү жыйынтык бербегенин соцтармакка да жаздык, мындай да айтып жатабыз. Фуфломицин дарысынын натыйжалуулугу далилденген эмес. Безгекке каршы гидроксихлорохин менен ВИЧ/СПИДди дарылаган лопинавир-ритонавир препараттарын эпидемия жаңы башталганда Кытай, Италия, АКШ мамлекеттери коронавирус үчүн колдонушкан. Бирок аталган дары-дармектер жыйынтык бербегени тууралуу апрелде маалымат пайда болду", — деди Зурдинова.

Хижама ыкмасы коронавирус же пневмониядан айыктыра алабы? Адистин жообу

Ал дарылоо протоколуна эмне үчүн рендесивир менен фавипиравир кошулбаганын да түшүндүрдү.

"Бул преператтардын да эффективдүүлүгү далилдене элек. Дарылоо протоколуна жыйынтык берген жана ден соолукка коркунуч жаратпаган дарылар гана киргизилет. Азыркы тапта аталган препараттар изилденип жатат. Аларды биз клиникалык жактан изилденип бүткөндөн кийин гана пайдалана алабыз. Рендесивир дарысы бөйрөк оорусуна алып келсе, фавипиравирди кокустан кош бойлуу аялдар билбей ичип алса, баласы патология менен төрөлүп калышы ыктымал. Ошондуктан ар бир дарынын кооптуу эмес экени жана эффективдүүлүгү далилденмейинче аны протоколго кошо албайбыз", — деди адис.

Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

Зурдинова ар бир дары-дармекти колдонордон мурда медиктер менен кеңешүү керектигин белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0