00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
15:56
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Жылдыз Бакашева: Кыргыз улуттук тарых музейинин бүгүнкү абалы жана келечек пландары
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБдеги тоскоолдуктар жана 2026-жылга пландалган кооперациялык долбоорлор
11:04
26 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жыл башынан бери 2 млн укук бузуу аныкталды - “Коопсуз өлкө” долбоору ишке кандай ашууда?
11:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
13:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
«Мыкты чоң ата» жана «Мыкты чоң апа» сынагынын жеңүүчүлөрү менен маек
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Цифровая миграция: как технологии меняют трудовую мобильность в ЕАЭС
18:07
26 мин
Тема дня
Проекты ЕАБР в Кыргызстане и улучшение интеграции в ЕАЭС: итоги работы банка
18:34
27 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Күмүш, акча бирдигине айлана алабы?
19:06
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Пенсиянын топтомо бөлүгүн кайсы учурларда кайталап алса болот? Мыйзам долбоору сунушталууда
21:04
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Көлдөгү кургак учукту дарылаган борбор COVID жуктургандарга берилеби? Расмий жооп

© AP Photo / Ng Han GuanБорьба с туберкулезом в Китае
Борьба с туберкулезом в Китае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин айрым ЖМКларда жана соцтармакта кургак учукту дарылаган "Жети-Өгүз" реабилитациялык-дарылоо борборунда коронавирус жуктурган бейтаптар жаткырыла тургандыгы боюнча маалымат тараган.

БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы кургак учуктун жабык түрүн дарылаган реабилитациялык-дарылоо борбору штаттык режимде иштеп жатат. Ал жакка коронавирус жуктурган бейтаптар жатпайт. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дарылоо башкармалыгынын адиси Эсен Жумалиев билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин айрым ЖМКларда жана соцтармакта аталган жайда коронавирус жуктурган бейтаптар дарылана тургандыгы боюнча маалымат тараган. Кургак учук менен жабыркагандар "бизди ооруканадан чыгарууга аракет кылып жатышат. Ысык-Көл облусунун губернатору борборду коронавирус жуктургандарга берерин айтты" деп жазышкан.

Мэрия: күндүзгү стационарлардан бейтаптар айыга баштады

"Биз буга караманча каршыбыз. Кургак учук — 12 айдан 24 айга чейин дарылай турчу оору. Биз жакындарыбызга бул дартты жугузуп албаш үчүн алардан оолак болушубуз керек. Үйгө кеткиле деп мажбурлабагыла", — деп жазылган билдирүүлөрдө.

Жумалиев бул маалымат чындыкка дал келбей турганын, оорукана кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.

"Бейтаптар жөн гана ызы-чуу көтөрүшкөн. Жетекчиси менен сүйлөштүк, борбор кадимки тартипте иштеп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан бул боюнча эч кандай буйрук чыккан эмес. Эч ким бейтаптарга "борборду бошоткула" деген эмес. Ал жакта коронавирус жуктурган бейтаптар дарыланбайт", — деди Жумалиев.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн маалымат катчысы Жаныбек Кожоев ал жерге медиктер менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү барганы чын экенин айтып, алар жөн гана анализ кылып кеткенин кошумчалады.

"Борборго аким, ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары медиктер менен барып жөн гана ал жакка анализ жүргүзүп кетишкен. Бейтаптарды эч ким "чыккыла, орун бошоткула" деген эмес. Бул реабилитациялык борбор Саламаттыкты сактоо министрлигине тиешелүү. Коронавирус жуктурган бейтаптарга оорукана кылабы же обсервация кылабы, аны министрлик чечет. Министрликтин буйругу жана тапшырмасы жок жергиликтүү бийлик эч нерсе кыла албайт", — деди Кожоев.

Боронов дары-дармектин бир нече айлык запасын камдоону тапшырды

Ал аталган борбор 120 орунга ылайыкташканын, кургак учуктун жабык формасы менен учурда 39 бейтап дарыланып жатканын кошумчалады.

Эске салсак, коронавирус жана пневмонияны дарылоо боюнча жер-жерлерде жана Бишкекте күндүзгү стационарлар ачылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0