Путин Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча добуш берди. Видео

Жазылуу
Бүгүн РФ Баш мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча жалпы россиялык добуш берүү өттү. Иш-чарага Кыргызстандагы россиялыктар да катышты.

Россия президенти Владимир Путин № 2151 участокто добуш берди. Кечээ ал жалпы россиялыктарга кайрылып, маанилүү иш-чарага катышууга чакырган. Өлкө башчы өзгөртүүлөр элдин макулдугу менен гана кабыл алынарын белгилеген.

КРде Россиянын Баш мыйзамына түзөтүү киргизүү боюнча добуш берүү тилкелери жабылды

Добуш берүү биринчи жолу бир жумага чейин созулуп, 25-июндан 1-июлга чейин өттү. Алгач 22-апрелге белгиленип, бирок пандемиядан улам кийинкиге жылдырылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0