БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынына катышат. Бул тууралуу өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Эртең, 30-июнда, парламентте өкмөттүн жаңы мүчөлөрү ант берет. Конституциялык мыйзамдын 7-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, ага Сооронбай Жээнбеков да катышат.