БИШКЕК, 29-июн. — Sputnik. Бүгүн Кыргызстанда дагы 269 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.
- Бишкек шаары – 138;
- Чүй облусу - 43;
- Ош шаары - 23;
- Ош облусу - 6;
- Нарын облусу - 4;
- Жалал-Абад облусу - 26;
- Ысык-Көл облусу - 16;
- Талас облусу - 9;
- Баткен облусу - 4.
269 кишинин тогузу чет жактан келгендер болсо, 260ы — байтептар менен байланышта болгондор.
Ушуну менен өлкө аймагы боюнча коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 5 017ге жетти. Бүгүн дагы үч бейтап каза таап, оорудан көз жумгандардын саны 50 болду.