Бишкекке Корея, Вьетнамдан мекендештер алып келинди

© Фото / пресс-служба МИД КРБишкекке Корея менен Вьетнамдан 42 мекендеш учуп келди
Бишкекке Корея менен Вьетнамдан 42 мекендеш учуп келди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандыктар бүгүн, 24-июнда, T-way авиакомпаниясынын Сеул — Бишкек — Сеул чартердик каттамы менен келген. Баары обсервацияга жайгаштырылды.

БИШКЕК, 24-июн. — Sputnik. Бишкекке Корея менен Вьетнамдан 42 мекендеш учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, кыргызстандыктар 24-июнда T-way авиакомпаниясынын Сеул — Бишкек — Сеул чартердик каттамы менен алып келинген.

"Бул каттам КР жарандарын Корея, Япония, Вьетнам өлкөлөрүнөн чыгарып кетүү үчүн Корея тарап менен макулдашуунун жыйынтыгында уюштурулган", — деп айтылат маалыматта.

Мекенге келген кыргызстандыктар медициналык кароодон өтүш үчүн обсервацияга жайгаштырылганы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0