Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган... 23.06.2020, Sputnik Кыргызстан
Бул жылы коронавирус пандемиясынан улам Москва шаарында Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналып 9-май күнү өтө турган иш-чаралардын бардыгы кийинкиге жылдырылган эле.
Россиянын борборундагы Жеңиш парады 24-июнга белгиленген болчу. Парадды Россиянын Кургактагы аскерлеринин башкы командири Олег Салюков башкармакчы.
Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков дагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти.
Жээнбеков Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.