Сооронбай Жээнбеков Москвага учуп кетти

Жазылуу
Жээнбеков Москва шаарындагы Кызыл аянтта өтүүчү аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышуу үчүн Москвага учуп кетти. Бул туурасында мамлекет башчынын малымат кызматынан кабарлашты.

"Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-июнда, Россия Федерациясынын Москва шаарына иш сапары менен учуп кетти. Ал Россия президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын майрамдоого арналган иш-чараларга катышат", — деп айтылат таратылган маалыматта.

Иш сапардын алкагында мамлекет башчы Москванын Кызыл аянтындагы аскер парадына, ошондой эле Кремль дубалындагы белгисиз жоокердин күмбөзүнө гүлчамбар коюу аземине катышат.

Эскерте кетсек, 9-майда өтчү салтанаттуу парад коронавирус пандемиясынан улам 24-июнга жылдырылган болчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0