Бирөө Таласта. Өлкөдө коронавирустан дагы үч адам каза тапты

© AP Photo / Pavel GolovkinМедициналык кызматкерлер коронавирус менен ооруганды реанимация бөлүмүнө алпарып жатышат. Архив
Медициналык кызматкерлер коронавирус менен ооруганды реанимация бөлүмүнө алпарып жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүнкү статистикага ылайык, ушуну менен өлкөдө коронавирустан ажал тапкан адамдардын саны 40ка жетти.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Өткөн суткада Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп дарыланып жаткан дагы үч бейтап каза болду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Премьер-министр Кыргызской Республики Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Боронов: COVID жуктургандар көбөйүшү мүмкүн, ооруканаларда орун даярдоо керек
Анын айтымында, көз жумган 68 жаштагы аял Бишкектеги Кыргыз-түрк “Достук” ооруканасында дарыланып жаткан. Экинчи маркум 68 жаштагы эркек киши Талас аймактык ооруканасынан үзүлгөн. Ал эми үчүнчүсү, 60 жаштагы аял, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук аймактык ооруканасында жатып каза болду.

Ушуну менен өлкөдө коронавирустан 40 адам каза тапканы белгилүү болду. Аталган статистикага COVID-19 жуктуруп алып, бирок негизги онкологиялык оорусунан көз жумгандар да кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0