00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
3 мин
21:00
3 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Эл кызматында бир кылым : ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу кызматына 100 жыл
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы, реки и камеры - как работает поиск пропавших людей в Кыргызстане
16:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
17:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
500 миллионов долларов экспорта и 8 миллиардов льготных кредитов - что происходит с кыргызским легпромом
18:06
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Жасалма интеллектинин доорунда кыргыз балдар адабияты кандай өнүгүшү керек?
19:06
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Эл кызматында бир кылым : ӨКМдин Өрт өчүрүү жана өрттү алдын алуу кызматына 100 жыл
21:05
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кошоматчылыкты токтотуңуз! ЖКда Момбеков менен Жолдошбаев жаакташа кетти

Жазылуу
Жолдошбаев өкмөттүн курамына берилчү суроолорду саат 13.00гө чейин бүтүрүүнү сунуштап, муну Момбеков кошоматчылык катары сыпаттады.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Бүгүн парламенттин жалпы жыйынында өкмөттүн жаңы курамы каралып жатканда депутаттар Камчыбек Жолдошбаев менен Рыскелди Момбеков айтыша кетти.

Алгач Жолдошбаев өкмөттүн курамына берилчү суроо-жоопту саат 13.00гө чейин бүтүрүүнү сунуштаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Камчыбек Жолдошбаев
Кошоматчылыкты токтотуңуз! ЖКда Момбеков менен Жолдошбаев жаакташа кетти - Sputnik Кыргызстан
Депутат Камчыбек Жолдошбаев
"Коронавирус бүгүн 10 адамга аз чыгыптыр, Кубатбек Айылчиевич эртерээк барып ушулар менен алектенип иштесин да. Мүмкүн болсо түшкө чейин карап бүтүрсөк. Депутаттар мага келип "ушуну айтып коюңузчу" деп суранды. Карала турган мыйзам долбоорлору толтура", — деди Жолдошбаев.

Андан соң Момбеков чыгып ачууланып, кайсы депутат андан суранып жатканын айтууну талап кылды.

© Фото / пресс-служба ЖК / Ашыркул ОморкуловДепутат Рыскелди Момбеков
Кошоматчылыкты токтотуңуз! ЖКда Момбеков менен Жолдошбаев жаакташа кетти - Sputnik Кыргызстан
Депутат Рыскелди Момбеков
"Кышында "балдар үшүп жатат кетели" деп Жогорку Кеңешти бир жолу уят кылдыңыз. Эми эмне балдарыңыз ысып атабы? Мактагандар сүйлөсө, сындай тургандарга да сөз бергиле да. Абылгазиевди кошомат кылып жүрүп кетирдиңер го. Токтотууну сизден ким суранып жатат? Алардын өз оозу бар, өздөрү айтсын, сизден суранган жок. Токтотуңуз, кошомат кылганды! Картайганда калыс сөзүңүздү айтпай, алыс сөзүңүздү айтасыз", — деди Момбеков кесиптешине карап.

Эмне жесе иммунитет көтөрүлөт? Жолдошбаевге жооп берген аткаминер күлкүгө салды - Sputnik Кыргызстан
Эмне жесе иммунитет көтөрүлөт? Жолдошбаевге жооп берген аткаминер күлкүгө салды
Ошол маалда Жолдошбаев ордунан туруп жооп кайтарды, бирок анда микрофон жок болгондуктан сөзү угулган жок.

Төрага Дастан Жумабеков эл өкүлдөрүн сабырдуу болууга чакырды.

Натыйжада спикер сунушту добушка коюп, 51 депутат макул, алтоо каршы добуш берди. Ага ылайык, өкмөттүн жаңы курамына саат 13.00гө чейин гана суроо берилмей болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0