Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" ишке кирди. Бир шарты бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПриток беженцев из Казахстана из-за беспорядков в Кордайском районе
Приток беженцев из Казахстана из-за беспорядков в Кордайском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2020-жылдын 11-июнуна карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт өткөрүү жайы иштеп жатат.

БИШКЕК, 11-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү жайы иштеп баштагандыгын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Ал Чүй облусунун Ысык-Ата районунун аймагында жайгашкан.

"Казак тараптын демилгеси менен ""Кең-Булуң" өткөрүү бекети жүгү жок бош автоунаалардын гана өтүшү үчүн ачылды. Атайын көрсөтмө болгонго чейин ушундай тартипте иштеп турат. Муну менен башка өткөрүү жайларындагы кезек күткөн абал жеңилдеп, жүгү жок фуралар үчүн ылдам өтүүгө мүмкүнчүлүк болот", — деп айтылган кабарда.

Ошентип, 2020-жылдын 11-июнуна карата кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде төрт өткөрүү жайы иштеп жатат. Алар:

  • "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайы (Чүй облусунда);
  • "Чалдыбар" көзөмөл-өткөрүү жайы (Чүй облусунда);
  • "Кең-Булуң" көзөмөл-өткөрүү жайы (Чүй облусунда);
  • "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү жайы (Талас облусунда).

"Ак-Тилек" менен "Чоң-Капка" көзөмөл-өткөрүү бекеттеринде жүк ташуучу автоунаалардан сырткары жүргүнчүлөр да өтө алат. Ал эми темир жол аркылуу жүк "Кайыңды" бекети аркылуу өтөт.

Официальный визит премьер-министра Казахстана Аскара Мамина в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал. Эки өлкөнүн премьерлери сүйлөштү
Буга чейин "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында Казакстан тарапка фуралардын кире албай, бир нече күндөп токтоп калышы боюнча кыргыз-казак тараптан бир нече пикирлер айтылган. Sputnik Кыргызстан бул боюнча видеорепортаж жасаган.

Биринчилерден болуп вице-премьер Эркин Асрандиев чек арага барып, абалды көргөндөн кийин үн каткан. Ага Казакстан жообун берип, бирок буга Кыргызстан таңгалгандыгын билдирген. Ал эми жакында эле эки мамлекеттин ТИМ жетекчилери сүйлөшүп, маселе ЕАЭБ алкагындагы эрежелердин негизинде иштеш керек деген маселени сүйлөшкөн.

Ал эми 9-июндагы жыйында Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясы Казакстандын көрүп жаткан чараларын ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдук деп тааныган

Жаңылыктар түрмөгү
0