Жагдай оор. Асрандиев кыргыз-казак чек арасындагы тыгындын себебин айтты

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСитуация на контрольно-пропускном пункте "Ак-Тилек — Автодорожный"
Ситуация на контрольно-пропускном пункте Ак-Тилек — Автодорожный - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Асрандиев Кыргызстан былтыртан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатканын айтты. Ал чек арадагы кырдаалды жасалган тоскоолдук катары баалай турганын билдирди.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.

"Казакстан менен чек арада көптөн бери кыйынчылыктар болуп келүүдө. Абал былтыртан бери начарлап кетти. 300-400 автоунаа көп күндөн бери кезек күтүп турат. Жеке өзүм айдоочуларды Казакстандын чек арасынан Кыргызстанга өткөрүү тартибин көрдүм. Ал паспорттук көзөмөлдөн, андан аркы көзөмөлдөө үчүн медицина кызматкерлеринин анкеталык маалыматтарын топтоодон, вирустун бар-жогуна анализ тапшыруудан турат. Андан соң жүк ташуучу Кыргызстандын аймагында тесттин жыйынтыгын күтөт. Өлкөгө кирүү тартиби дагы татаал эмес. Ал эми казак тараптан бардыгы жай жүргүзүлүүдө", —  деди Асрандиев.

Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.

© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевКыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.
Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди. - Sputnik Кыргызстан
1/5
Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.
© Фото / Пресс-служба правительства / Алишер АлиевАсрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.
Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСтоящие в очереди фуры на контрольно-пропускном пункте "Ак-Тилек — Автодорожный" на кыргызско-казахской границе
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал - Sputnik Кыргызстан
3/5
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевВице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайында - Sputnik Кыргызстан
4/5
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында
© Фото / Пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСтоящие в очереди фуры на контрольно-пропускном пункте "Ак-Тилек — Автодорожный" на кыргызско-казахской границе
Ак-Тилек көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал - Sputnik Кыргызстан
5/5
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
1/5
Кыргыз-казак чек арасындагы абал союздаш мамлекеттердин келишимдерине карама-каршы келет. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында өткөн көчмө жыйында билдирди.
2/5
Асрандиев белгилегендей, Кыргызстан ЕАЭБ аянтында тоскоолдуктарды четтетүү үчүн иштерди жүргүзүп жатат.
3/5
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
4/5
Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев "Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайында
5/5
"Ак-Тилек" көзөмөл-өткөрүү жайындагы абал
"Тилекке каршы, союздун ички чек арасында жагдай кыйын. Тышкы чек арага караганда бир кыйла татаал. Биз өткөн жылдан бери ЕАЭБ регламентинин алкагында Коллегияга кайрылып жатабыз, анткени кырдаалды тоскоолдук катары баалайбыз. Жана бул биздин ички союздук макулдашууларга каршы келет. Жакын арада маселе чечилет деп ишенебиз", - деп жыйынтыктаган ал.

Эске салсак, бир нече күндөн бери "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайында жүк ташуучу автоунаалардын чек арадан өтө албай, кезеги бир нече чакырымга созулуп кеткендигин көрүүгө болот.

Sputnik Кыргызстан бул боюнча видеорепортаж жасаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0